Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 9-июну № 220-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
а) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча төмөнкү финансы каражаттарын бөлүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине "Таза коом" программасындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 220,0 млн (эки жүз жыйырма миллион) сом өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине
1 330,0 млн (бир миллиард үч жүз отуз миллион) сом өлчөмүндө, анын ичинен төмөнкүлөргө: Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолун реконструкциялоого - 500,0 млн (беш жүз миллион) сом; Бишкек - Ош автожолун реконструкциялоого - 80,0 млн (сексен миллион) сом; республиканын райондук борборлорунун көчөлөрүн капиталдык оңдоого - 600,0 млн (алты жүз миллион) сом; Каракол жана Жалал-Абад шаарларындагы көчөлөрдү капиталдык оңдоого - 150,0 млн (жүз элүү миллион) сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 2 040,0 млн (эки миллиард кырк миллион) сом өлчөмүндө, анын ичинен төмөнкүлөргө:
Жалал-Абад, Ош жана Чуй облустарындагы табигый кырсыктардын кесепетинен бузулган авариялык абалдагы объектилерди курууга жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө - 400,0 млн (төрт жүз миллион) сом; Кыргыз Республикасынын маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн турак үй курууга - 340,0 млн (үч жүз кырк миллион) сом; Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы "Асыл" ден соолукту чындоо балдар комплексин курууга жана капиталдык оңдоого - 300,0 млн (үч жүз миллион) сом; Ош шаарынын жана Ош облусунун "Ачы" жана "Кең-Сай" конуштарынын инфраструктура объекттерин курууга - 300,0 млн (үч жүз миллион)сом; билим берүүнүн авариялык абалга келген объекттерин курууга жана капиталдык оңдоого - 700,0 млн (жети жүз миллион) сом;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине ирригациялык системаларды курууга жана капиталдык оңдоого - 800,0 млн (сегиз жүз миллион) сом өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында "Көчмөндөр цивилизациясы" музейин курууга - 100,0 млн (жүз миллион) сом;
б) "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон