# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 219-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 219-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 219-р
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215902>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15775/edition/1140423/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215902.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 219-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу (08.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215902

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 8-июну № 219-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункту "өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө" деген сөздөрдөн кийин ", экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган буйруктун тиркемесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Коргоо, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин координациялоочу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы".

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
