# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 8-майынан "Кыргыз Республикасында микрокредит берүү системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ПУ №159 Указы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 8-майынан "Кыргыз Республикасында микрокредит берүү системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ПУ №159 Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-131/edition/285410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 8-майынан "Кыргыз Республикасында микрокредит берүү системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ПУ №159 Указы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2159

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек ш., Өкмөт Үйү

2001-жылдын 8-майы ПУ N 159

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

Кыргыз Республикасында микрокредит берүү системасын

өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуда жана социалдык жактан

мобилизациялоодо микрокредит берүү институтун өнүктүрүүнүн дурус

тажрыйбасын таануу менен микрокредит берүү системасын өнүктүрүүнүн

жагымдуу шарттарын түзүү, Кыргыз Республикасынын калкынын экономикалык

жактан адилеттүү өсүшүнө көмөк көрсөтүү, жакырчылыкты азайтуу жана иш

менен көбүрөөк камсыз кылуу максатын көздөп, токтом кылам:

1. Уюштуруу документтеринин негизинде иштеген жана микрокредит берүү

ишин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын күбөлүгү бар

юридикалык жактар микрокредит берүү боюнча ишти жүргүзүүгө укуктуу

экендиги белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкы менен бирдикте үч айлык мөөнөттө:

- микрокредит берүү боюнча иш жүргүзүүгө күбөлүктөрдү берүүнүн

жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун иштеп чыксын жана бекитсин;

- микрокредит берүүчү уюмдардын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун

жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин белгилесин;

- микрокредит берүүчү уюмдардын экономикалык жана чарбалык өз

алдынчалуулугун камсыз кылуучу боюнча чараларды кабыл алсын;

- сөзсүз болуучу кредиттик чыгымдарды жабууга резерв түзүү

микрокредит берүүчү уюмдардын чыгымдарын салык салынуучу базадан

чыгарып салуу маселеси боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

3. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат

бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Указ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
