# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 214-б (Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун айылдарынын жана участокторунун социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 214-б (Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун айылдарынын жана участокторунун социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 214-р
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215898>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15771/edition/828494/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215898.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 214-б (Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун айылдарынын жана участокторунун социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы бекитүү жөнүндө) буйругу (28.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215898

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 8-июну № 214-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруу, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун айылдарынын жана участокторунун социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарын өнүктүрүүгө 2017-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде Иш-чаралар планын белгиленген тартипте өз учурунда каржылоону камсыз кылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр

С. Ш. Жээнбеков

Тиркеме Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун айылдарынын жана участокторунун социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

№

Иш-чаранын мазмуну

Аткаруу мөөнөттөрү

Талап кылынуучу сумма (млн. сом)

Каржылоо булактары

Жооптуу аткаруучулар

1

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылында суу түтүктөр тарамын куруу (3 км)

2017-жыл

0,02

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

2

Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Согмент айылында суу түтүктөр тарамын куруу

2017-жыл

4,4

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

3

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек айылында скважина куруу

2017-жыл

2,1

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

4

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Паскы-Арык айылында скважина куруу

2017-жыл

0,8

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

5

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Раззаков атындагы айылында спорт зал куруу

2017-жыл

10,4

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

6

Лейлек районунун Исфана шаарынын Мурза-Патча айылында бала бакча куруу

2017-жыл

5,3

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

7

Козу-Баглан суусунда жайгашкан жана Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук, Арка-2 айылдарын суу менен камсыз кылуучу "Арка" суу түтүктөр тарамынын башкы курулмасын реконструкциялоо

2017-жыл

13,9

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

8

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын "Сада" участогунда суу түтүктөр линиясын куруу

2017-жыл

1,1

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

9

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында суу түтүктөр линиясын куруу

2017-жыл

16,1

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

10

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында суу түтүктөр линиясын куруу

2017-жыл

11,3

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

11

Кадамжай районунун Алга айыл аймагынын Алга айылында участкалык оорукананы капиталдык оңдоо

2017-жыл

0,9

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

12

Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Гүлдүрөмө айылында ("Жаңы-Жер участогу") 50 орундуу бала бакча куруу

2017-жыл

18,0

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

13

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн (Кыргыз-Кыштак айылы) административдик имаратын куруу

2017-жыл

3,3

Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен

Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Жыйынтыгы:

87,62
