Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди чыңдоо жөнүндө макулдашууну жана Москва шаарында кол коюлган 1997-жылдын 24 апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын,Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу макулдашууну аткаруу боюнча Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн принциптери жана тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 4-июлу № 273-б
1. Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда аскер жаатындагы ишенимди чыңдоо жөнүндө макулдашууну жана Москва шаарында 2002-жылдын 23-ноябрында кол коюлган 1997-жылдын 24-апрелиндеги Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу макулдашууну аткаруу боюнча Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн принциптери жана тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басарына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Протоколдун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
С. Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.