Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамын (мындан ары - Байкоочу кеңеш) бекитүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2017-жылдын 1-июну № 367 КР Премьер-министринин 2019-жылдын 19-февралындагы № 79 буйругунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамы (мындан ары - Байкоочу кеңеш) тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 3-декабрындагы № 888 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жаңы курамдагы Байкоочу кеңештин биринчи жыйынын өткөрүүнү уюштурсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ КР Премьер-министринин 2019-жылдын 19-февралындагы № 79 буйругунун редакциясына ылайык)
Шатемиров К.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин төрагасы.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Курманова А.Э.
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
Джылышбаев М. Н.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;
Исаков Э.К.
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Жолболдуев П.Б.
-
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин финансы-экономикалык жана чарба иштери боюнча проректору (макулдашуу боюнча);
Абакиров А.
-
Программалык камсыздоону жана кызматтарды иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясы башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мамбеталиева Т.Э.
-
"Интернет саясатындагы жарандык демилге" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
Иманалиева А.К.
-
"Кыргызюрсервис" юридикалык компаниясынын юристи (макулдашуу боюнча);
Самыкбаева Л.А.
-
"Кыргызстан-Сорос" фондунун маалыматтык программасынын координатору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 19-февралындагы № 79 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 1-июнундагы № 367 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 19.02.2019 · № 79
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 3-декабрындагы № 888 (Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамы бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 03.12.2012 · № 888 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2012 · № 267
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндөЗакон · 08.07.2011 · № 84
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 3-декабрындагы № 888 (Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамы бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 03.12.2012 · № 888 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.