# КР Премьер-министринин 2017-жылдын 19-январындагы № 28 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 19-январындагы № 28 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215839>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15713/edition/822359/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215839.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 19-январындагы № 28 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы бекитүү жөнүндө) буйругу (19.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215839

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2017-жылдын 19-январы № 28 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 17-сентябрынын № 427 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 26-ноябрынын № 557 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 1-декабрынын № 565 буйругу.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин КУРАМЫ

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

\-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;

Султанбекова Чолпон Аалыевна

\-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;

Кудайбердиева Гульмира Каримовна

\-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.

Кеңештин мүчөлөрү:

Молдобекова Гулкан Сакиновна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо маселелери боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Улуттук илимдер академиясынын академиги, физика-математика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Эркебаев Абдыганы

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Мавлянов Абдырахман Субанкулович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, техника илимдеринин доктору, профессор;

Эсеналиев Досалы Акпаралиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Муратов Абдиманнап Аттокурович

\-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары - Илим департаментинин директору;

Супаналиев Бекжан Торобаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

Адамкулова Чинара Усенбековна

\-

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, экономика илимдеринин кандидаты, профессор;

Керезбеков Канат Керезбекович

\-

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору, юридика илимдеринин доктору, профессор;

Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич

\-

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор;

Мусаев Абдылда Инаятович

\-

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор;

Нургазиев Рыспек Зарылдыкович

\-

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, ветеринария илимдеринин доктору, профессор;

Джумабеков Сабыр Артисбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Боконбаев Кулубек Джоомартович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Токторалиев Биймырза Айтиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, биология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Калмырзаев Болот Боромбаевич

\-

БУУӨПтүн Глобалдуу фондунун өкүлү, биология илимдеринин кандидаты, ассоциацияланган профессор (макулдашуу боюнча);

Байдолетов Нурадил Эсенбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын начальниги;

Акматов Адылбек Тентимишевич

\-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын начальниги;

Исмаилов Шаршенбек Жанчарович

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кооперацияны өнүктүрүү секторунун башчысы, биология илимдеринин кандидаты;

Бакашова Жылдыз Кемеловна

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Бийбосунов Алмаз Ильясович

\-

Кыргыз Республикасындагы "Газпром долбоорлоо" өкүлчүлүгүнүн директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор;

Салымбеков Аскар Мааткабылович

\-

"Дордой" ассоциациясынын ардактуу президенти (макулдашуу боюнча);

Бейшеналы Назик

\-

Кыргыз Республикасынын Кооперативдер бирлигинин президенти, башкарманын мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Абдурасулов Ырысбек Абдурасулович

\-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Арзыматова Айнура Атыгаевна

\-

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Ахунбаев Арман

\-

Евразия өнүктүрүү банкынын өлкөлөрдү изилдөө секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);

Дербишева Замира Касымбековна

\-

"Манас" Кыргыз-Түрк университетинин профессору, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү, филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

Дюфур Эрик

\-

Франция Республикасынын Жогорку билим берүү жана илим министрлигинин (Овернь регионунда) илим жана технология боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери, профессор (макулдашуу боюнча);

Жамангулова Нурмира

\-

Нанкин университетинин профессору (Кытай Эл Республикасы) (макулдашуу боюнча);

Исаев Эркин Кубанычбекович

\-

Россия мамлекеттик гидрометеорологиялык университетинин докторанты (макулдашуу боюнча);

Кулмырзаев Асылбек Атамырзаевич

\-

"Манас" Кыргыз-Түрк университетинин биринчи проректору, техника илимдеринин доктору, профессор;

Керимбеков Акылбек Керимбекович

\-

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин колдонмо математика жана информатика кафедрасынын профессору, физика-математика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

Турдуев Мирбек Керезбекович

\-

Түркия билим берүү ассоциация университетинин доценти (макулдашуу боюнча);

Чубаков Тулеген Чубакович

\-

Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча).
