# КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-июнундагы № 403 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин курамы бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-июнундагы № 403 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин курамы бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 403
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215837>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15711/edition/1252486/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215837.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-июнундагы № 403 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин курамы бекитүү жөнүндө) буйругу (15.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215837

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2017-жылдын 13-июну № 403 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө Жобонун 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ

Социалдык маселелерди тейлөөчү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук кеңештин төрагасы

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин катчысы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз коомдук саламаттык сактоо ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын айылдык ден соолук комитеттери ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Калкты тамак-аш азыктары менен камсыздоочу ишканалардын кесиптик ассоциацияларынын жетекчилери (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы; эл аралык өнөктөш уюмдардын 2 өкүлү (макулдашуу боюнча); коркунучтуу инфекциялык ооруларга чалдыккан же алардан жабыркаган адамдардын, ошондой эле негизги аялуу топторго кирген адамдардын атынан чыккан уюмдардын өкүлү.
