# КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-июнундагы № 404 (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрү бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-июнундагы № 404 (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрү бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 404
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215836>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15710/edition/1157021/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215836.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-июнундагы № 404 (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрү бекитүү жөнүндө) буйругу (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215836

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 30-апрели № 334 тескемесине ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2017-жылдын 13-июну № 404 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобонун 15-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Тышкы иштер министри (коллегиянын төрагасы); министрдин биринчи орун басары; статс-катчы; министрдин орун басары; министрдин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин катчылыгынын жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кадрдык иштер департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экинчи саясий департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Административдик иштер департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 30-июнундагы № 290 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
