Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга товар, азык-түлүк жана медикаменттер түрүндө шашылыш гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 10-майы № 196-б Тамак-аш азыктарынын жана дары каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу турмуштук оор абалда калган Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга шашылыш гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга 2-4-тизмелерге ылайык товар, азык-түлүк жана медикаменттер түрүндө шашылыш гуманитардык жардам көрсөтүлсүн.
2. Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн 1-тиркемеге ылайык курамда экспедиция жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматын 10,0 млн. (он миллион) сом суммасында каржыласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду мурда брондолгон товарларды жана азык-түлүктү алдын ала акысын төлөгөндөн кийин 2-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына сатсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы:
- биринчи зарылдыктагы дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга байланышкан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин чыгымдарын ушул буйруктун 3-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражатынын чегинде каржылоону жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органы тарабынан белгиленген баада 2-тиркемеге ылайык товарларды жана азык-түлүктү сатып алсын;
- Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памирине гуманитардык жүктү жеткирүүгө байланышкан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чыгымдарын ушул буйруктун 3-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражатынын чегинде каржыласын.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 4-тиркеме боюнча биринчи зарылдыктагы дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5 жана 6-тиркемелерге ылайык маршрут боюнча белгиленген жерлерге чейин гуманитардык жүктү жеткирүүнү (товардык-материалдык баалуулуктарды жүктөө, түшүрүү, автотранспорт жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу) жана коштоп барууну камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы гуманитардык жүктү жана коштоочу адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүгө көмөктөшсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги маршрутка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча гуманитардык жүктү коштоону белгиленген тартипте уюштурсун.
10. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасынын жана Афганстан Ислам Республикасынын бийликтеринен алардын аймактарынан өтүү жана Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жүктү тапшыруу боюнча маалымдоо жана расмий макулдук алуу иштерин жүргүзсүн.
11. Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памирине экспедиция мүчөлөрүнүн баруусу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
12. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
1-тиркеме Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардамды жеткирүүчү экспедициянын КУРАМЫ
Адылов Бакытбек Адылович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;
Асанбаев Алмазбек Жолчуевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары;
Аблаев Азамат Абдыганыевич
-
Кыргыз Республикасынын Афганстан Ислам Республикасындагы Элчилигинин атташеси;
Борбугул кызы Айгуль
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;
Кудайбердиев Бактыбек Эсенбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жумушчу күчтөрү менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;
Токушов Кубанычбек Тургунбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз катчысы;
Рыскелдиев Алмаз Шаршеевич
-
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам-кезмет кызматынын начальниги;
Арапбай уулу Туголбай
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы процесстери борборунун алдын ала бажы жол-жоболору тобунун нөөмөт начальниги;
Жалбиев Нурланбек Касымович
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы башкармалыгынын начальниги;
Мырзалиева Индира Замировна
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын врач-гинекологу;
Масаев Данияр
-
Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын врач-педиатр-реаниматологу;
Атажанов Кочкор Атажанович
-
Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын врач-кардиологу;
Керималиева Жыпар Абдыказиевна
-
Кыргыз мамлекеттик медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо институтунун врач-дерматологу, кафедранын доценти (макулдашуу боюнча);
Муратов Орозбек Омурбекович
-
Бишкек шаарындагы "Ыйман" жеке медициналык борборунун врачы (макулдашуу боюнча);
Каныбек кызы Динара
-
Антрополог (макулдашуу боюнча);
Жуманов Толкунбек Инамидинович
-
демөөрчү - Кыргыз Республикасынын жараны (макулдашуу боюнча);
Курумшиев Нурлан Джекшенбекович
-
демөөрчү - Кыргыз Республикасынын жараны (макулдашуу боюнча);
Авазбек уулу Расул
-
Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу (макулдашуу боюнча);
Султанмурат кызы Элвира
-
"Элден-Элге" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Тукеев Бактияр Жекшенович
-
Коомдук телерадио берүү корпорациясынын журналисти (макулдашуу боюнча);
Имеров Максат Рахатбекович
-
Коомдук телерадио берүү корпорациясынын оператору (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан сатылуучу товарлардын жана азык-түлүктүн ТИЗМЕГИ
№
Товардын аталышы
Ченем бирдиги
Саны
Бирдиктин баасы, сом
Суммасы, миң сом
1
Буудай уну, 1-сорт
кг
40000
21,00
840000
2
Кир самын
даана
20000
21,4
428000
3
Бардыгы
1268000
3-тиркеме Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн юридикалык жана жеке жактар тарабынан бекер берилген товарлардын жана азык-түлүктүн ТИЗМЕГИ
№
Товардын аталышы
Саны
Эскертүү
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Казыят
1
Күрмө
30 даана
2
Топу
85 даана
3
Байпак
20 жуп
4
Кофта (аялдардыкы)
37 жуп
5
Көз айнек (күндөн коргоочу)
150 даана
6
Тумак (жылуу)
50 даана
7
Маасы (жайкы)
50 даана
8
Маасы (кышкы)
40 даана
9
Жеңсиз бешмант (аялдардыкы)
27 даана
10
Балдардын бел боолуу кең көйнөгү
34 даана
11
Чокой
695 даана
12
Өтүк
300 даана
13
Кышкы бут кийим (эркектердики)
75 даана
14
Шырымал (эркектердики)
250 даана
15
Керзи өтүк
8 даана
16
Чулгоо
6 кап
17
Ич көйнөк (эркектердики)
6 кап
18
Аркан
2 кап
19
Кулакчындуу тумак
60 даана
20
Таңылчактардагы кышкы кийимдер
50 таңылчак
21
Таңылчактардагы жайкы кийимдер
20 таңылчак
22
Азык-түлүк
1 куту
23
Кеңсе товарлары
1 таңгак
24
Идиш
1 куту
25
Жылуу буюмдар
40 кап
26
Халат (аялдардыкы)
31 даана
27
Күрмө (эркектердики)
3 даана
28
Узун кончтуу ботинка
3 даана
29
Шейшеп, жаздык тыш ж.б.
2 таңгак
Ош мамлекеттик университети
30
Одеял
80 даана
31
Плед
60 даана
32
Түктүү сүлгү
150 даана
33
Маасы, кепич
20 жуп
34
Жылуу байпак
120 даана
35
Балдардын байпагы (жылуу)
32 даана
36
Чоң кишилердин мээлейи
36 даана
37
Балдардын мээлейи
24 даана
38
Кулакчындуу тумак
40 даана
39
Гамаш (аялдардыкы)
10 даана
40
Гамаш (эркектердики)
10 даана
41
Балдардын күрмөсү
20 даана
42
Балдардын свитери
80 даана
43
Балдардын спорттук кийими
10 даана
44
Балдардын кышкы шымы
22 даана
45
Шейшеп, жаздык тыш ж.б.
40 даана
46
Аялдардын жоолугу
40 даана
47
Альбомдор
50 даана
48
Пластилин
108 пачка
49
Түр карандаш
108 пачка
50
Калемсап
100 даана
51
Дептер
400 даана
52
Кир самын
156 даана
53
Тиш щетка
100 даана
54
Тиш паста
100 даана
55
Атыр самын
216 даана
56
Күн карама майы
175 литр
57
Туз
100 кг
58
Кант
100 кг
59
Чай
400 пачка
60
Конфет (шоколад)
40 кг
61
Печенье
44 кг
62
Күрүч
280 кг
63
Күндөн коргоочу көз айнек (чоң кишилердики)
100 даана
64
Күндөн коргоочу көз айнек (балдардыкы)
100 даана
65
Күн батареясы
65 даана
66
Кепич (кышкы)
36 даана
67
"Аляска" бут кийими
24 даана
68
Аялдардын тапочкалары
36 даана
69
"Илас" материалы
1 түрмөк (100 м)
70
Матрас
20 даана
"КазГрейн" жоопкерчилиги чектелген коому
71
"Алия" уну, 1-сорт
50 кап
"Элден-Элге" коомдук бирикмеси
72
Кулакчындуу тумак (эркек кишилердики)
4 куту
73
Жемпер (эркектердики)
4 куту
74
Шым (эркектердики)
3 куту
75
Күрмө, пальто, тон, ичик (эркектердики)
3 кор.
76
Футболка, майка (эркектердики)
1 куту
77
Күрмө, пальто, тон (аялдардыкы)
7 куту
78
Свитер (аялдардыкы)
3 куту
79
Көйнөк (аялдардыкы)
2 куту
80
Жоолук, шарф жана тумак (аялдардыкы)
2 куту
81
Шымбайпак (аялдардыкы)
10 даана
82
Мээлей
33 жуп
83
Кулакчындуу тумак (балдардыкы)
22 даана
84
Бут кийим
1 куту
85
Байпак
2 куту
86
Кеңсе товарлары
1 куту
87
Дары
1 куту
88
Ун
8 кг
89
Күрүч
5 кг
90
Түтүк кесме
8,4 кг
91
Кант
12 кг
92
Май
3 л.
93
Чай
11 кутуча
94
Кургак сүт
2 кутуча
95
Таттуулар
3 кг
96
Ширеңке
200 кутуча
97
Кир жана атыр самын
2 куту
98
Жаздык, одеял, матрас ж.б.
2 пакет
99
Балдар буюмдары
9 куту
100
Балдар оюнчуктары
2 куту
4-тиркеме Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн биринчи зарылдыктагы дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын ТИЗМЕГИ
№
Аталышы
Өлчөө бирдиги
Саны
Баасы
Суммасы
1
Амоксициклин 0,5 мг № 20
таңгак
500
49,5
24750,00
2
Цефтриаксон (ПЕО) 1,0
фл.
10
21,8
218,00
3
Цефтазидим (фортум) 1,0
фл.
10
23,5
235,00
4
Амикацин 0,01 (1,0)
фл.
4
57,7
230,80
5
Флуканазол 0,05 мг № 7
уп.
13
30
390,00
6
Атровент-Н аэр 200 доз
фл.
20
363
7260,00
7
Беродуал 10 мг 200 доз
таңгак
1
265
265,00
8
Преднизолон 30 мг 1,0 № 3
таңгак
5
55
275,00
9
Преднизолон 5 мг № 30
таңгак
100
41
4100,00
10
Дексаметазон 4 мг 1,0 № 5
таңгак
6
76
456,00
11
Амброксан 30 мг № 20
таңгак
200
117
23400,00
12
Флюдитек сироп 2% 125,0
фл.
200
156
31200,00
13
Эуфиллин 2,4% 10x10
таңгак
4
85
340,00
14
Теофил СР 100 мг № 30
таңгак
10
150
1500,00
15
Амлодипин 5 мг № 30
таңгак
10
43
430,00
16
Верапамил 0,08 мг № 50
таңгак
10
62
620,00
17
Коринфарретард 20 мг № 30
таңгак
10
168,00
1680,00
18
Лорнета 25 мг № 28
таңгак
100
219,00
21900,00
19
Эналаприл 5 мг № 20
таңгак
200
11,00
2200,00
20
Эналаприл 10 мг № 20
таңгак
200
10,00
2000,00
21
Эналаприл 20 мг № 20
таңгак
200
17,00
3400,00
22
Нитроглицерин 0,0005 мг
таңгак
200
52,00
10400,00
23
Атенолол 50 мг № 30
таңгак
300
13,00
3900,00
24
Атенолол 100 мг № 30
таңгак
300
5,00
1500,00
25
Фуросемид 40 мг № 50
таңгак
200
19,50
3900,00
26
Индап 2,5 мг № 30
таңгак
200
205,00
41000,00
27
Сиофор 850 мг № 60
таңгак
100
418,00
41800,00
28
Берлитион 300 ЕД № 30
таңгак
100
605,00
60500,00
29
Пентоксифиллин 0,1 мг № 60
таңгак
50
93,00
4650,00
30
Актовегин 200 мг № 50
таңгак
100
2629,00
262900,00
31
Диакарб 250 мг № 30
таңгак
10
346,00
3460,00
32
Адреналин 0,18% 1,0 № 10
таңгак
4
210,00
840,00
33
Стерилденбеген мээлей ВИНИЛ S
жуп
100
5,00
500,00
34
Стерилденген мээлей № 7,5
таңгак
100
14,50
1450,00
35
Кетонал-форте 100 мг № 20
таңгак
100
272,00
27200,00
36
Анальгин 500 мг № 10
таңгак
400
9,50
3800,00
37
Этил спирти 95% 50,0
фл.
80
17,50
1400,00
38
Хлорид натрийи 0,9% 250,0
фл.
10
31,00
310,00
39
Спринцовка ПВХ А-7 70 мл
даана
2
70,00
140,00
40
Бромгексин 8 мг № 10
таңгак
100
3,30
330,00
41
Стерилденген медициналык бинт 5*10
таңгак
100
6,70
670,00
42
Бир жолку шприц 10 мл
даана
50
4,00
200,00
43
Цитеал-аралашма 250 мл
фл.
2
360,00
720,00
44
Окситоцин 1 мл № 10
таңгак
10
36,00
360,00
45
Метронидазол 0,25 № 10
таңгак
600
4,50
2700,00
46
Клотримазол вагиналдык таблеткасы 100 мг № 6
таңгак
100
11,00
1100,00
47
Тетрациклин 0,1 мг № 20
таңгак
300
17,50
5250,00
48
Дицинон (пауз) 250 мг № 10
таңгак
100
98,70
9870,00
49
Магний сульфаты 25% 5,0 мл № 10
куту
4
32,00
128,00
50
Лоратал 10 мг № 10
таңгак
3
233,00
699,00
51
Ийне кыстыргыч
даана
1
700,00
700,00
52
Кыскыч маскит
даана
4
560,00
2240,00
53
Кюретка
даана
1
910,00
910,00
54
Кайчы
даана
1
540,00
540,00
55
Тонометр ИАД-01-1 эконом (Адъютор)
даана
2
770,00
1540,00
56
Бир жолу колдонулуучу күзгү Куско
даана
100
28,00
2800,00
57
Тараза
даана
2
7500,00
15000,00
58
Бой ченегич
даана
1
4800,00
4800,00
59
Глюкоза ченегич
даана
10
1840,00
18400,00
60
Скарификатор (ланцет) № 200
даана
2
730,00
1460,00
61
Тест-тилкече № 50
даана
4
1050,00
4200,00
62
Система д/р-в
даана
50
8,30
415,00
63
Парацетамол 0,2 № 10
таңгак
200
2,20
440,00
64
Ибуфенсуспичүү үчүн 100 мл
фл.
100
197,00
19700,00
65
Цефекон Д 0,05 г № 10 супп
таңгак
100
48,00
4800,00
66
Ципрофлоксацин 0,25 № 10
таңгак
100
14,50
1450,00
67
Називин 0,025% 10 мл
таңгак
20
125,00
2500,00
68
Хирургия кебези 50,0 н/ст
таңгак
20
19,00
380,00
69
Бриллианттуу жашыл эритме 10% 10 мл
фл.
50
9,00
450,00
70
Йод 5% спирт аралашмасы 10,0
фл.
50
8,30
415,00
Жыйынтыгы:
701666,80
5-тиркеме Бейтарап зонага чейинки маршрут (Жүк ташуучу автомобилдер үчүн)
Жетүү жана чыгып кетүү пункту
Аралык
1-маршрут (КАП) - 3 (үч) жүк ташуучу автомобиль
Бишкек шаары - Ош шаары (түнөө)
720 км
Ош шаарынын ичинде
50 км
Ош шаары - Сары-Таш айылы (түнөө)
180 км
Сары-Таш айылынын ичинде
50 км
Сары-Таш айылы - Мургаб айылы (түнөө)
240 км
Мургаб айылынын ичинде
96 км
Мургаб айылы - Шаймак айылы
150 км
Шаймак айылы - Кызыл-Рабат "Гунджубай" (транзиттик зона)
30 км
Кызыл-Рабат "Гунджубай" - Бозой-Күмбөз кыштагы
40 км
Бардыгы
1556 км
Кайра кайтуу жолу: Бозой-Күмбөз кыштагы - Кызыл-Рабат "Гунджубай" - Шаймак айылы - Мургаб айылы - Ош шаары - Бишкек шаары
1360 км
Бардыгы: биринчи маршрут боюнча
2916 км
2-маршрут (ЧАП) - 2 (эки) жүк ташуучу автомобиль
Бишкек шаары - Ош шаары
720 км
Ош шаарынын ичинде
50 км
Ош шаары - Сары-Таш айылы
180 км
Сары-Таш айылынын ичинде (түнөө)
50 км
Сары-Таш айылы - Мургаб айылы (түнөө)
240 км
Мургаб айылынын ичинде
96 км
Мургаб айылы - Аличур айылы (түнөө) - Каргуш (застава)
200 км
Аличур айылынын ичинде
96 км
Каргуш (застава) - Чоң Афган Памири
20 км
Бардыгы
1652 км
Кайра кайтуу жолу: Чоң Афган Памири - Каргуш (застава) - Мургаб айылы - Сары-Таш айылы - Ош шаары - Бишкек шаары
1360 км
Бардыгы: экинчи маршрут боюнча
3012 км
Жыйынтыгы: эки маршрут боюнча
7928 км(*)
(*) Күтүлбөгөн чыгымдарды эске алуу менен (+1000 км - ар бир маршрут боюнча). (*) Бишкек шаарынан тартып АИР КАП жана ЧАПка чейин экспедиция 7 негизги ашууну ашып өтөт: Төө-Ашуу (3400), Ала-Бел (3184) Чыйырчык (2400 км), Талдык (2400), Кызыл-Арт (4336 км), Ак-Байтал (4655), Кызыл-Рабат "Гунджубай" (транзиттик зона) - деңиз деңгээлинен 4655 метр бийиктиктеги эң бийик ашуулардын бири.
6-тиркеме Бейтарап зонага чейинки маршрут (Жеңил автомобилдер үчүн)
Жетүү жана чыгып кетүү пункту
Аралык
1-маршрут (КАП)
Бишкек шаары - Ош шаары (түнөө)
720 км
Ош шаарынын ичинде
96 км
Ош шаары - Сары-Таш айылы (түнөө)
180 км
Сары-Таш айылынын ичинде
96 км
Сары-Таш айылы - Мургаб айылы (түнөө)
240 км
Мургаб айылынын ичинде
96 км
Мургаб айылы - Шаймак айылы
150 км
Шаймак айылы - Кызыл-Рабат "Гунджубай" (транзиттик зона)
30 км
Кызыл-Рабат "Гунджубай" - Бозой-Күмбөз кыштагы
40 км
КАПтын ичинде
200 км
Кайра кайтуу жолу: Бозой-Күмбөз кыштагы - Кызыл-Рабат "Гунджубай" - Шаймак айылы - Мургаб айылы
220 км
Мургаб айылынын ичинде
96 км
Бардыгы: биринчи маршрут боюнча
2164 км
2-маршрут (ЧАП)
Мургаб айылы - Аличур айылы (түнөө) - Каргуш (застава)
200 км
Аличур айылынын ичинде
96 км
Каргуш (застава) - Чоң Афган Памири
20 км
ЧАПтын ичинде
200 км
Бардыгы
516 км
Кайра кайтуу жолу: Чоң Афган Памири - Каргуш (застава) - Мургаб айылы (Мургаб айылынын ичинде) - Сары-Таш айылы - Ош шаары - Бишкек шаары
1656 км
Бардыгы: экинчи маршрут боюнча
2172 км
Жыйынтыгы: эки маршрут боюнча
5336 км(*)
(*) Күтүлбөгөн чыгымдарды эске алуу менен (+1000 км). (*) Бишкек шаарынан тартып АИР КАП жана ЧАПка чейин экспедиция 7 негизги ашууну ашып өтөт: Төө-Ашуу (3400), Ала-Бел (3184) Чыйырчык (2400 км), Талдык (2400), Кызыл-Арт (4336 км), Ак-Байтал (4655), Кызыл-Рабат "Гунджубай" (транзиттик зона) - деңиз деңгээлинен 4655 метр бийиктиктеги эң бийик ашуулардын бири.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 26.05.2014 · № 78
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон