Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 11-майы № 151-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине аталган макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 359-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтү, кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну түзүүнү каалап жана экономикалык, илимий, техникалык жана маданий кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү ниетин ырастап, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
1. Бул Макулдашуу Макулдашкан мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн ар бир Макулдашкан мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык компаниянын, өнөктүн же Макулдашкан мамлекеттин башка адамынын толугу менен же жарым-жартылай ачык болуп саналган кирешеси ошол Мамлекеттин резидентинин кирешеси катары ушул Мамлекетте салык салуу максатында карала турган киреше сыяктуу эле Макулдашкан мамлекеттин резидентинин кирешеси катары каралууга тийиш.
2-берене. Макулдашуу колдонула турган салыктар
1. Бул Макулдашуу Макулдашкан мамлекеттин же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан Макулдашкан мамлекеттердин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык алына турган, аларды алуунун ыкмаларына карабай, киреше салыгына карата колдонулат.
2. Киреше салыктары деп кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин өзүнчө элементтеринен алынуучу салыктар, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ажыратуудан түшкөн кирешелерден салыктар, ишканалар төлөп берүүчү эмгек акынын жалпы суммасынан алынуучу салыктар, ошондой эле капиталдын өсүшүнөн болуучу кирешелерден алынуучу бардык салыктар саналат.
3. Ушул Макулдашуу колдонула турган учурдагы салыктар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Кыргыз Республикасында:
- юридикалык жактардын кирешелерине жана пайдасына салык;
- жеке жактардан алынуучу киреше салыгы;
б) Армения Республикасында:
- пайдага салык;
- киреше салыгы.
4. Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып аракеттеги салыктардын ордуна же аларга кошумча катары алына турган ушул сыяктуу жана негизинен ушуга окшогон салыктарга карата колдонулат, Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн тиешелүү салык мыйзамдарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлашат.
3-берене. Жалпы аныктамалар Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
а) "Макулдашкан мамлекет" жана "экинчи Макулдашкан мамлекет" деген терминдер контекстке жараша Кыргызстанды жана Арменияны билдирет;
б) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуп жаткан аймакты билдирет;
в) "Армения" деген термин Армения Республикасын жана географиялык жактан алганда жерин, суусун, жер казынасын жана мейкиндигин кошо, аларга карата Армения Республикасы ички мыйзамдарына жана эл аралык укуктук ченемдерине ылайык эгемендүү укуктарын жана өзүнүн юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан аймагын түшүндүрөт;
г) "Макулдашкан бир мамлекеттин ишканасы" жана "Макулдашкан экинчи мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүү түрдө Макулдашкан бир мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана Макулдашкан экинчи мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;
д) "жак" деген термин жеке жакты, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин камтыйт;
е) "компания" деген термин салык алуу максаты үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай корпоративдик түзүлүштү же ар кандай бирикмени билдирет;
ж) "эл аралык ташуу" деген термин Макулдашкан мамлекеттин ишканасы иштеткен деңиз же аба кемелери, автомобилдик же темир жол транспорт каражаттары менен ар кандай ташууларды билдирет, буга деңиз жана аба кемелери, автомобилдик же темир жол транспорт каражаттары Макулдашкан экинчи мамлекеттин пункттарынын ортосунда гана иштетилген учурлар кирбейт;
з) ''компетенттүү орган" деген термин төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
- Кыргызстанда - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги же анын башка ыйгарым укуктуу өкүлүн;
- Арменияда - Армения Республикасынын Финансы министрлигин же башка ыйгарым укуктуу өкүлүн;
и) "улуттук жак" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
- Макулдашкан мамлекеттин жарандыгы бар жеке жакты;
- Макулдашкан мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн статусун алган юридикалык жак, шериктиктери же ассоциация;
к) "ишкердик иштер" деген термин кесиптик кызмат көрсөтүүнү жана көз карандысыз мүнөздөгү башка ишти жүзөгө ашырууну камтыйт.
л) "кесиптик кызмат көрсөтүү" деген термин төмөнкүлөрдү камтыйт: врачтардын, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун, бухгалтерлердин, аудиторлордун көз карандысыз иши сыяктуу эле, көз карандысыз илимий, адабий, көркөм, билим берүү же окутуу ишин;
м) "иш жүзүндө башкаруу орду" деген термин компанияны контролдоо жана иш жүзүндө башкаруу жүргүзүлгөн жана (же) компанияны башкаруу үчүн олуттуу болгон маанилүү маселелер боюнча жогорку деңгээлде чечим кабыл алынган орунду билдирет.
2. Макулдашкан мамлекет ушул Макулдашууну ар кандай учурда колдонууда мында аныкталбаган ар кандай термин, эгерде контекстте башкасы талап кылынбаса, Макулдашуунун күчү жайылтылган ушул мамлекеттин салык салуу боюнча мыйзамдарына ылайык ошол кездеги мааниси кандай болсо, ошол мааниде болот. Ушул Макулдашкан мамлекеттин колдонуудагы салык мыйзамдарына ылайык ар кандай мааниси ушул мамлекеттин башка мыйзамдарында аталган терминге берилген мааниден артыкчылыктуу болот.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "Макулдашкан мамлекеттин резиденти" деген термин ушул Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өзүнүн жашаган жеринин, туруктуу болгон жеринин, түзүлгөн жеринин, башкарган жеринин, катталган жеринин же ушул мүнөздөгү башка критерийлердин негизинде салык салынууга тийиш болгон жакты билдирет, ошондой эле ушул мамлекетти же жергиликтүү бийлик органдарын өзүнө камтыйт. Бирок бул термин ушул Макулдашкан мамлекеттеги булактардан алынган кирешесине карата гана ушул Макулдашкан мамлекетте салык салынууга тийиш болгон жактарды камтыбайт.
2. Эгерде ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна ылайык жеке жак Макулдашкан эки Мамлекеттин тең резиденти болуп эсептелген учурда, анын статусу төмөнкүдөй аныкталат:
а) туруктуу жашаган турак жайы Макулдашкан бир Мамлекетте болсо, анда ошонун гана резиденти болуп саналат; эгерде анын Макулдашкан эки Мамлекетте тең туруктуу турак жайы бар болсо, анда анын тыгыз жеке жана экономикалык байланыштары бар (турмуштук кызыкчылыгынын борбору болгон) Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелет;
б) эгерде турмуштук кызыкчылыгынын борбору болгон Макулдашкан мамлекет аталган жак үчүн аныкталбаса, же болбосо анын ушул Макулдашкан мамлекеттин биринде дагы туруктуу турак жайы жок болсо, ал жак демейде өзү жашаган Макулдашкан мамлекеттин гана резиденти болуп эсептелет;
в) эгерде эки Макулдашкан мамлекетте тең демейки жашаган жери болсо, же болбосо анын биринде да жашабаса, ал өзү кайсы мамлекеттин жараны болуп эсептелсе, ошол Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп саналат;
г) эгерде аталган жак Макулдашкан эки Мамлекеттин тең жараны болуп эсептелсе, же экөөнүн тең жараны болбосо, анда Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечет.
3. Эгер ушул берененин 1-пунктунун жобосуна ылайык жеке жак болуп саналбаган жак Макулдашкан мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анда ал өзүнүн иш жүзүндөгү жетекчилиги жайгашкан Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат.
5-берене. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген термин ишкананын ишкердик иши толук же жарым-жартылай жүргүзүлгөн ишинин туруктуу ордун билдирет.
2. "Туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) башкаруунун ордун;
б) филиалын (бөлүмүн);
в) офисин (конторасын);
г) фабриканы;
д) чеберкананы:
е) шахта, нефть же газ бургуларын, карьерди же башка чалгындоо ордун, жаратылыш ресурстарын казуучу башка жерлерди;
ж) айыл чарбасын же токой жерлерин.
3. Ошондой эле "туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү да камтыйт:
а) курулуш аянттарын, куруу, монтаждоо же чогултуу объекттерин же алар менен байланышкан көзөмөлдөө ишин, эгер ушундай аянт, объект же иш алты айдан ашык иштеп жаткан учурда; жана
б) аталган максаттар үчүн ишкана жалдаган кызматкерлер же башка персонал аркылуу ишканаларга кызматтарды, анын ичинде консультациялык кызматтарды көрсөтүү, бирок мында ушундай мүнөздөгү (ушул же ага байланыштуу долбоор үчүн) иштин узактыгы Макулдашкан мамлекеттин аймагында 12 айлык мезгилде чогуу алганда 6 айлык мезгил же мезгилдер аралыгын түзөт.
4. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабай, "туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү камтыбайт:
а) курулмаларды жалаң гана ишканага таандык товарларды же буюмдарды сактоо же көрсөтүү максатында;
б) ишканага таандык товарлардын же буюмдардын запастарын жалаң гана сактоо же көрсөтүү максатында кармоону;
в) ишканага таандык товарлардын жана буюмдардын запастарын башка ишканаларда кайра иштетүү максаттарында гана кармоону;
г) ишкердик иштин туруктуу иш ордун жалаң гана товарларды жана буюмдарды сатып алуу же болбосо ишкана үчүн маалымат чогултуу максатында кармоону;
д) иштин туруктуу иш ордун ишкана үчүн даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү башка ар кандай ишти жүргүзүү максатында кармоону.
5. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабай, эгерде ушул берененин 6-пункту колдонулган көз карандысыз статусу бар агенттен башка адам башка Макулдашкан мамлекеттин ишканасынын атынан Макулдашкан мамлекетте өз ишин жүргүзсө, бул ишкана ушул Макулдашкан мамлекетте ушул жак ишкана үчүн жүргүзгөн ар кандай ишке карата туруктуу мекеме катарында каралат, буга 4-пунктта аталган иш менен жактын иши чектелген учурлар кирбейт, аны ишкердик иштин туруктуу орду аркылуу жүргүзгөн учурда ошол ишкердик иштин туруктуу ордун ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айландырбайт.
6. Ушул берененин мурунку жобосуна карабай, Макулдашкан мамлекеттин камсыздандыруу ишканасы, кайра камсыздандырууну кошпогондо, эгерде ал ошол Мамлекеттин аймагында камсыздандыруу сый акыларын чогултса же ушул берененин 7-пункту колдонулуучу көз карандысыз статусу бар агент болуп саналбаган жак аркылуу тобокелдиктердин камсыздандыруусун ишке ашырса экинчи Макулдашкан мамлекетте туруктуу мекемеси бар болуп эсептелет.
7. Ишкана ишкердик ишин ушул Макулдашкан мамлекетте брокер, комиссиондук агент же көз карандысыз статусу бар башка агент аркылуу, ушул жактар өзүнүн демейдеги бизнесинин алкагында иштеген шартта жүргүзгөндүктөн гана Макулдашкан мамлекеттеги туруктуу мекеме катары каралбайт.
8. Макулдашкан мамлекеттин биринин резиденти болуп эсептелген компания контролдосо, же экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан контролдонсо, же ушул Макулдашкан экинчи мамлекетте ишин жүргүзсө (же туруктуу мекеме аркылуу, же башка жол менен), ушундан улам эле ал ушул компаниялардын бирин башка Макулдашкан мамлекеттин туруктуу мекемеси катары аныктабайт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн киреше
1. Бир Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан Макулдашкан экинчи Мамлекетте болгон кыймылсыз мүлктөн алган кирешеге (анын ичинде айыл жана токой чарбасынан алган кирешеге) Макулдашкан экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кыймылсыз мүлк" деген термин ошол мүлк жайгашкан Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарындагы мааниге ээ болот.
Ушул беренеге ылайык салык салынууга тийиш болгон кыймылсыз мүлктөн алынуучу киреше, ар кандай учурларда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү мүлктү, малды жана айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу жабдууларды түз пайдалануудан, ижарага берүүдөн же башка формада пайдалануудан алган кирешени, жер менчигине карата жалпы мыйзамдардын жоболорунда колдонулуучу укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктун жана минералдык запастарды, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын иштетүү же иштетүүгө укук үчүн компенсация катары өзгөрмөлүү же белгиленген төлөмдөргө укуктарды камтыйт. Деңиз жана аба кемелери, автомобилдик жана темир жол транспорт каражаттары кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. 1-пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же аны кандайдыр бир башка түрдө пайдалануудан алынган кирешелерге карата колдонулат.
4. 1 жана 3-пункттардын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлктөрүнөн кирешелерге жана көз карандысыз жеке кызматтарын көрсөтүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлктөрдөн кирешелерге карата колдонулат.
7-берене. Ишкердик иштин пайдасы
1. Макулдашкан мамлекеттин ишканасынын пайдасына ошол Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат, буга аталган ишкана экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик ишин жүзөгө ашырган учурлар кирбейт. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик ишин жүзөгө ашырса, ушул ишкананын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок бул анын ушул туруктуу мекемесине таандык болгон бөлүгүнө гана тиешелүү болот.
2. Ушул берененин 3-пунктунун жоболорун эске алуу менен, Макулдашкан мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик ишин жүргүзсө, анда ар бир Макулдашкан мамлекетте бул туруктуу мекемеге, эгерде ал өз алдынча жана өзүнчө мекеме болгондо, ушундай же ушуга окшогон шартта ушундай же ушуга окшогон ишти жүргүзгөн жана анын туруктуу мекемеси болуп саналган ишканадан толук көз карандысыз болуп аракеттенгенде ала турган пайда кирет.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо башкаруучу жана жалпы административдик чыгымдарды кошкондо, туруктуу мекеменин максаттары үчүн кетирген чыгымдарды, бул чыгымдар туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте же кандай гана жерде болбосун жасалганына карабастан, эсептен чыгарууга жол берилет. Бирок мындай эсептен чыгарууга туруктуу мекеме ишкананын башкы офисине же анын башка офистерине патент же башка укуктарды пайдалануу үчүн роялти, акысы же башка ушуга окшогон төлөмдөр түрүндө, же кызмат көрсөтүү, башкаруу үчүн комиссиялык төлөм катары, же банк мекемелерин кошпогондо, туруктуу мекемеге зайым катары берилген суммага пайыздарын төлөө түрүндө иш жүзүндөгү чыгымдарын кайтаруудан башка суммаларга карата жол берилбейт.
4. Эгерде Макулдашкан мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге тийиштүү пайданы ишкананын жалпы пайдасынын суммасын ар түрдүү бөлүмдөрү боюнча пропорциялуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныктаса, ушул берененин 2-пункту ушул Макулдашкан мамлекетке адатта кабыл алынгандай мындай бөлүштүрүү аркылуу салык салынуучу пайданы аныктоого тыюу салбайт; бирок бөлүштүрүүнүн тандап алынган ыкмасы ушул беренеде камтылган принциптерге ылайык келген натыйжаларды бериши керек.
5. Эгерде Макулдашкан мамлекеттин биринин компетенттүү органы билген маалыматтар, же ал ушул берененин 3 жана 4-пункттарына ылайык жеңил ала турган маалымат туруктуу мекеменин пайдасын аныктоо үчүн жетиштүү болбосо, пайда ошол Мамлекеттин салыктык мыйзамдарына ылайык эсептен чыгарылышы мүмкүн.
6. Аталган туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн товарларды жана буюмдарды сатып алуунун себеби боюнча гана туруктуу мекеменин пайдасы болуп эсептелбейт.
7. Жогоруда көрсөтүлгөн пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге тийиштүү пайда, эгерде аны өзгөртүү үчүн жетиштүү негиздер болбосо, жыл сайын бир метод менен гана аныкталат.
8. Эгер пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешени же кирешенин элементтерин өзүнө камтыса, анда ушул берененин жоболору аталган беренелердин жоболоруна таасирин тийгизбейт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы эл аралык ташууларда деңиз же аба кемелерин, автомобилдик же темир жол транспорт каражаттарын иштетүүдөн алган пайдага ошол Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору пулда, биргелешкен ишканада, же деңиз жана аба кемелерин, автомобилдик же темир жол транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча эл аралык уюмдарда катышуудан тапкан пайдаларга да колдонулат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгер:
а) Макулдашкан мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса, же
б) бир эле жактар Макулдашкан мамлекеттин ишканасын, ошондой эле экинчи Макулдашкан мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса,
жана эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык же финансылык мамилелеринде эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы боло турган шарттардан айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда алардын бирине чегериле турган, бирок бул шарттардын болушунан улам чегерилбеген ар кандай пайда ушул ишкананын пайдасына киргизилет жана тийиштүү түрдө ага салык салынат.
2. Эгерде биринчи Макулдашкан мамлекет бул Мамлекеттин ишканасынын пайдасына Макулдашкан экинчи мамлекетте салык салууга дуушар болгон экинчи Макулдашкан мамлекеттин ишканасынын пайдасын киргизген жана тийиштүү түрдө салык салган учурда, ушул мүнөздө киргизилген пайда биринчи аталган Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда болуп саналат, эгер эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы шарттардай болсо, анда бул экинчи Мамлекет ушул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата, эгер мындай түзөтүүлөрдү негиздүү деп эсептесе, тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизет. Мындай түзөтүүлөрдү аныктаганда ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш. Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары зарыл болгон учурда бири-бири менен консультацияларды өткөрүшөт.
10-берене. Дивиденддер
1. Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнүүчү дивиденддерге мына ушул экинчи Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай дивиденддерге ушул Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген Макулдашкан мамлекетте да салык салынышы мүмкүн, эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда мындай жол менен алынуучу салык дивиденддердин жалпы суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча мындай чектөөлөрдү колдонуу ыкмаларын белгилешет. Бул пункт дивиденддер төлөнүүчү пайдага карата компанияга салык салууну козгобойт.
3. Ушул беренеде колдонулуучу "дивиденддер" деген термин пайдага катышууга укук берген карыздык милдеттенмелер болуп саналбаган ар кандай акциялардан же башка укуктардан алынуучу кирешени, ошондой эле пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп саналган Мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык акциялардан түшкөн киреше сыяктуу салык салынууга тийиш башка корпоративдик укуктардан түшкөн кирешени түшүндүрөт.
4. Эгер дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп туруп, дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген экинчи Макулдашкан мамлекетте ишкердик ишин анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүргүзсө жана дивиденддер төлөнгөн холдинг ушул туруктуу мекемеге таандык болсо, ушул берененин 1 жана 2-пунктунун жобосу колдонулбайт. Мындай учурда ушул Макулдашуунун 7-беренесинин жоболору шартка жараша колдонулат.
5. Эгерде бир Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания экинчи Макулдашкан мамлекеттен пайда же киреше алса, ушул экинчи Макулдашкан мамлекет компания төлөгөн дивиденддерден кандайдыр бир салыкты албашы керек, буга ушундай дивиденддер ушул экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнгөн учурлар же эгерде дивиденддерди төлөп жаткан холдинг ушул экинчи Макулдашкан мамлекеттеги туруктуу мекеме менен байланышта болгон учурлар кирбейт, ошондой эле эгерде төлөнгөн дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда толугу менен же жарым-жартылай ошол экинчи Макулдашкан мамлекетте алынган пайдадан же кирешеден болсо да, компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасына салык салынбайт.
11-берене. Пайыздар
1. Макулдашкан мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга ушул экинчи Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай пайыздарга, алар пайда болгон Макулдашкан мамлекетте ошол Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн жана, эгерде алуучу пайыздардын иш жүзүндөгү ээси болуу менен бирге экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, алынуучу салык пайыздардын жалпы суммасынын 10%нан жогору болбоого тийиш.
Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча мындай чектөөлөрдү колдонуунун ыкмасын белгилешет.
3. Ушул берененин 2-пунктунун жобосуна карабай, пайыздар пайда болгон Макулдашкан мамлекетте, эгерде бул пайыздар экинчи Макулдашкан мамлекеттин Өкмөтүнө же Улуттук (Борбордук) банкына төлөнсө салык салуудан бошотулат.
4. Ушул беренеде пайдаланылган "пайыздар" деген термин күрөө менен камсыз кылынган же камсыз кылынбаган ар кандай карыздык талаптардан алынуучу, карызкорлордун пайдага катышуусуна укук берген же укук бербеген, атап айтканда өкмөттүк баалуу кагаздардан киреше алууга жана облигациялардан же карыздык милдеттенмелерден киреше алууга, анын ичинде ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сый акылардан жана утуштардан алынуучу кирешеге укук берген ар кандай карыздык талаптардан алынган кирешени билдирет. Өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн айыптар ушул берененин максаттары үчүн пайыз катары каралбайт.
5. Эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп туруп, пайыздар пайда болгон экинчи Макулдашкан мамлекетте андагы жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик ишин жүргүзсө жана пайызы төлөнгөн карыздык талап чынында эле ошол туруктуу мекеме менен байланыштуу болсо, ушул берененин 1 жана 2-пунктунун жоболору колдонулбайт. Мындай учурларда ушул Макулдашуунун 7-беренесинин жоболору шартка жараша колдонулат.
6. Төлөөчү ошол Мамлекет, жергиликтүү башкаруу органы же ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса, пайыздар Макулдашкан мамлекетте пайда болгон деп эсептелет. Бирок эгерде пайыздарды төлөгөн жак, Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелгендигине же андай болбогондугуна карабай, Макулдашкан мамлекетте туруктуу мекемеге ээ болсо, ошого байланыштуу пайыздар боюнча карыз келип чыкса жана ушул пайыздарды төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме тартса, анда ушундай пайыздар туруктуу мекеме жайгашкан Макулдашкан мамлекетте пайда болот деп эсептелет.
7. Эгерде пайыздарды төлөөчүнүн жана анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелердин себеби боюнча карыздык милдеттенмеге таандык кылынган пайыздардын суммасы ал төлөнө турган негиздеги пайыздарды төлөөчү жана анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда ушундай мамилелер жок болгондо макулдашылган суммадан ашып кетсе, ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө мурдагыдай эле ар бир Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эсепке алуу менен салык салынат.
12-берене. Роялти
1. Макулдашуучу бир Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге ушул Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык келип чыккан Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн, эгерде бирок алуучу роялтинин иш жүзүндөгү ээси болуп туруп, экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 10%нан жогору болбоого тийиш.
Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул чектөөлөрдү колдонуунун ыкмасын өз ара макулдашып белгилешет.
3. "Роялти" деген термин ушул беренеде пайдаланууда адабияттын, искусствонун ар кандай чыгармаларына же илимий эмгектерге, анын ичинде программалык камсыздоого, кинофильмдерге, кандайдыр бир патенттерге, соода маркаларына, дизайнга же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске болгон автордук укуктарды пайдалануу укугун берүү үчүн же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууну же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматты пайдалангандыгы же бергендиги үчүн ар кандай төлөмдөрдү билдирет.
4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуу менен, ал жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу роялти келип чыккан экинчи Макулдашкан мамлекетте ишкердикти жүзөгө ашырса, же роялти төлөнө турган укук же мүлк чындыгында эле мына ушундай туруктуу мекеме менен байланыштуу болсо, ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда шартка жараша ушул Макулдашуунун 7-беренесинин жобосу колдонулат.
5. Эгерде роялтини төлөөчү ушул Мамлекет, жергиликтүү бийлик органдары же ушул Мамлекеттин резиденти болсо, роялти ошол Макулдашкан мамлекетте келип чыккан болуп эсептелет. Эгерде бирок роялтини төлөгөн жак Макулдашкан мамлекеттин резиденти болгон же болбогондугуна карабастан, Макулдашкан мамлекетте туруктуу мекемеси болсо, аларга байланыштуу роялти төлөө милдеттенмеси келип чыкса, ушул роялтини төлөө боюнча чыгашалар ушундай туруктуу мекеме жайгашкан Макулдашкан мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.
6. Эгерде роялтини төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн ортосундагы, же кандайдыр бир башка жак менен өзгөчө өз ара мамилелердин себеби боюнча анын негизинде төлөнүп жаткан пайдаланууга, укукка же маалыматка таандык болгон роялтинин суммасы роялтини төлөөчүнүн же анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы ушундай мамилелер жок болгондо макулдашылган суммадан ашып кетсе, ушул берененин жобосу акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө ар бир Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун эске алуу менен салык салынат.
13-берене. Мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн киреше
1. Ушул Макулдашуунун 6-беренесинде аталган жана экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууда Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу кирешеге карата ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Туруктуу мекеменин ишкердик мүлкүнүн бир бөлүгүн түзгөн, Макулдашкан мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашкан мамлекеттеги кыймылдуу мүлкүнөн ажыратуудан түшкөн кирешелерине, анын ичинде мына ушундай туруктуу мекемени ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерине мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Макулдашкан мамлекеттин ишканалары тарабынан эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз же аба кемелерин, автомобилдик же темир жол транспорт каражаттарын ээликтен ажыратуудан, же мындай деңиз же аба кемелерин, автомобилдик же темир жол транспорт каражаттарын пайдаланууга тиешелүү кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан Макулдашкан мамлекеттин резиденти алган кирешелерине ошол Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат.
4. Макулдашкан мамлекеттин биринин резиденти акцияларды же компаниянын уставдык фондундагы башка үлүштүк катышын ээликтен ажыратуудан алган киреше, активдердин наркынын 50 пайызынан көбү экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлккө таандык болсо, ошол экинчи Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
5. Ушул берененин 1, 2, 3 жана 4-пункттарында аталбаган башка кандайдыр бир мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Көз каранды жекече кызмат көрсөтүүлөр
1. 15, 17, 18-беренелердин жоболоруна ылайык Макулдашкан мамлекеттин резиденти жалданма жумуштан, эгерде жалданма жумуш экинчи Макулдашкан мамлекетте аткарылбаса, алган эмгек акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу төлөмдөргө мына ушул Макулдашкан мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн. Эгерде жалданма жумуш экинчи Макулдашкан мамлекетте аткарылса, анда ушуга байланыштуу алынган акы төлөөгө мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынат.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жобосуна карабай, Макулдашкан мамлекеттин резидентинин экинчи Макулдашкан мамлекетте жүзөгө ашырылган жалданып иштөөгө байланыштуу алынган сый акысына биринчи аталган Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
а) алуучу экинчи Макулдашкан мамлекетте ар 12 айлык мезгилди чогуу алганда 183 күндөн ашпаган мезгилде же мезгилдердин аралыгында болсо; жана
б) акысы жалдоочу тарабынан же экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочунун атынан төлөнсө; жана
в) акысы жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме тарабынан төлөнбөсө.
3. Ушул берененин жогорудагы жоболоруна карабай, эл аралык ташууларда бир Макулдашкан мамлекеттин ишканасы эксплуатациялаган деңиз же аба кемесинин ичинде, жол транспорттук каражатында аткарылган жалданма жумуштан алынган акы төлөөгө мына ушул Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
15-берене. Директорлорго акы төлөө Директорлордун акысына жана экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп саналган компаниялардын директорлор кеңешинин же ага окшогон органдын мүчөсү катары Макулдашкан мамлекеттин резиденти алган башка ушундай төлөмдөргө ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 16-берене. Искусство кызматкерлери жана спортчулар
1. Ушул Макулдашуунун 14-беренесинин жоболоруна карабай, Макулдашкан мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же телекөрсөтүүнүн артисти же музыканты болуп искусство кызматкери катары же өзүнүн жеке иши болгон спортчу катары экинчи Макулдашкан мамлекетте алган кирешесине ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушул сапатта жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, ушул Макулдашуунун 7-беренесинин жобосуна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору, эгерде экинчи Мамлекетке келүүсү толугу менен Макулдашкан мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең мамлекеттик фондулары, же жергиликтүү бийлик органдары, же Макулдашкан мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн ортосундагы Маданият жөнүндө макулдашуунун алкагында каржыланса, экинчи Макулдашкан мамлекетте аткарылган иштен Макулдашкан мамлекеттин резиденти алган кирешесине карата колдонулбайт. Мындай учурларда искусство кызматкери же спортчу резидент болуп саналган Макулдашкан мамлекетте гана кирешеге салык салынат.
17-берене. Пенсиялар жана аннуитет
1. 18-берененин 2-пунктунун жоболорун эске алуу менен, Макулдашкан мамлекеттин резиденти мурда жалданып иштегени үчүн алган пенсияларга жана башка ушуга окшогон төлөмдөргө, ошондой эле аннуитетке ошол гана Мамлекетте салык салынууга тийиш.
2. "Аннуитет" деген термин акчалай же нарк түрүндө шайкеш же толук акысын төлөө үчүн төлөм милдеттенмесине ылайык конкреттүү убакта белгиленген же аныкталган мезгил аралыгында, же белгиленген убакытта мезгил-мезгили менен төлөнүүгө тийиш белгилүү сумманы билдирет.
18-берене. Мамлекеттик кызмат
1. а) Макулдашкан мамлекет же анын жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ушул Мамлекетке же жергиликтүү бийлик органына көрсөткөн кызматына карата жеке жакка төлөнүүчү пенсияга жана башка ушул сыяктуу акыга, аннуитетке ошол Мамлекетте гана салык салынат.
б) Бирок мындай акыга, эгерде кызмат экинчи Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса, экинчи Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат, ал адам:
(i) ушул Мамлекеттин жараны болушу керек; же (ii) кызмат көрсөтүү максатында гана ошол экинчи Мамлекеттин резиденти болгон учурда.
2. а) Макулдашкан мамлекет же анын жергиликтүү бийлик органы түзүлгөн фонддор аркылуу ошол Мамлекет же жергиликтүү бийлик органы үчүн көрсөтүлүүчү кызматка карата жеке жакка төлөнүүчү ар кандай пенсияга ушул гана Мамлекетте салык салынат.
б) Бирок мындай пенсияга, эгерде жеке жак экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти же жараны болуп саналса, ошол Мамлекетте гана салык салынат.
3. 14, 15, 16 жана 17-беренелердин жоболору Макулдашкан мамлекет же жергиликтүү бийлик органы ишкердик ишин аткарууга байланыштуу кызмат көрсөтүүгө карата акыларга жана пенсияларга колдонулат.
19-берене. Студенттер
1. Биринчи Макулдашкан мамлекетке келгенге чейин экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген же эсептелүүчү жана биринчи аталган Макулдашкан мамлекетте окуу же билим алуу максатында гана жүргөн студент же стажер жашоо, окуу жана билим алуу максаттары үчүн алган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ушул Макулдашкан мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аларга аталган Макулдашкан мамлекетте салык салынбайт.
20-берене. Башка кирешелер
1. Бул Макулдашуунун жогорудагы беренелеринде каралбаган, Макулдашкан мамлекеттин резидентинин кирешелеринин түрүнө, келип чыккан булагына карабай, ошол Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. 1-пункттун жобосу ушул Макулдашуунун 6-беренесинин 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн түшүүчү кирешелерден тышкары кирешелерге карата колдонулбайт, эгерде мындай кирешелерди алуучу Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп, башка Макулдашкан мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу коммерциялык иш жүргүзсө, киреше алынган укук же мүлк ушул туруктуу мекеме менен байланышта болгондо. Мындай учурда кырдаалга жараша ушул Макулдашуунун 7-беренесинин жоболору колдонулат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабай, ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде каралбаган жана башка Макулдашкан мамлекетте келип чыккан Макулдашкан мамлекеттин резидентинин кирешелеринин түрүнө башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
21-берене. Кош салык салууну четтетүү
1. Эгерде Макулдашкан мамлекеттин резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык экинчи Макулдашкан мамлекеттен салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса, анда биринчи аталган Макулдашкан мамлекет экинчи Макулдашкан мамлекетте төлөнгөн киреше салыгына барабар сумманы резиденттин киреше салыгынан алып салууга мүмкүндүк берет.
Мындай алып салуу экинчи Макулдашкан мамлекетте кырдаалга жараша салык салынышы мүмкүн кирешеге тиешелүү жана алып салууну берүүгө чейин эсептелген киреше салыгынын бөлүгүнөн ашпоого тийиш.
2. Эгерде Макулдашуунун ар кандай жоболоруна ылайык Макулдашкан мамлекеттин резиденти алынган кирешеге мына ушул Мамлекетте салык салуудан бошотулган болсо, ушул Мамлекет ошондой болсо да ушул резиденттин кирешесинин калган бөлүгүнө салыктын суммасын эсептөөдө салыктан бошотулган кирешени эске алууга тийиш.
22-берене. Басмырлоого жол бербөө
1. Макулдашкан мамлекеттердин улуттук жактары экинчи Макулдашкан мамлекетте мына ушул Мамлекеттин улуттук жактарына ошол эле шарттарда салык салынган же ага байланыштуу милдеттенмелерден башка же алда канча оор салык салууга же ага байланыштуу башка милдеттенмеге, атап айтканда резиденттик жаатындагы милдеттенмелерге тартылбайт. Бул жобо ушул Макулдашуунун 1-беренесине карабай, бир же эки Макулдашкан мамлекеттин резиденти болбогон жактарга карата да колдонулат.
2. Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жарандыгы жок адамдар Макулдашкан мамлекеттин биринде да аталган Мамлекеттин улуттук жактары ошол эле жагдайларда, атап айтканда резиденттикке карата алганда салык салуу жана ага байланыштуу милдеттенмелерге караганда башка же алда канча оор салык салууга тартылбайт.
3. Бир Макулдашкан мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашкан мамлекетте болгон туруктуу мекемесине салык салуу экинчи Мамлекетте ушул сыяктуу ишти жүргүзгөн ишканага салык салууга караганда алда канча жагымсыз болбоого тийиш. Бул жобо бир Макулдашкан мамлекетти экинчи Макулдашкан мамлекетке ал өзүнүн жеке резиденттерине бере турган жарандык статусунун же үй-бүлөлүк милдеттенмелеринин негизинде салык салуу максаттары үчүн кандайдыр бир жеңилдиктерди, эсептен чыгаруулары жана арзандатууларды милдеттендирген чара катары чечмеленбейт.
4. 9-берененин 1-пунктунун, 11-берененин 7-пунктунун же 12-берененин 6-пунктунун жоболору колдонулган учурларды кошпогондо, бир Макулдашкан мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнгөн пайыздар, роялти жана башка төлөмдөр ушул ишкананын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында, биринчи аталган мамлекеттин резидентине төлөнө турган шартта эсептен чыгарылууга тийиш.
23-берене. Өз ара макулдашуу жол-жоболору
1. Эгерде кайсы бир жак Макулдашкан мамлекеттердин бирөөсүнүн же экөөнүн тең аракеттери аны ушул Макулдашуунун жоболоруна каршы келип, салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, ал ушул Макулдашкан мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан өзүнүн ишин кароо үчүн ал резиденти болуп саналган Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органына же, эгерде мындай учур ушул Макулдашуунун 22-беренесинин 1-пунктуна туура келсе, ал өзү кайсы Мамлекеттин жараны болсо, ошол Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органына кароого берет. Арыз ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоонун учурунан тартып үч жылдын аралыгында берилүүгө тийиш.
2. Компетенттүү орган, эгерде ал арызын негиздүү деп эсептесе жана ал канааттандыруучу чечимге өз алдынча келе албаса, ушул Макулдашууга каршы келген кош салык салуудан оолак болуу максатында бул маселени экинчи Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө аракеттенет. Ар кандай жетишилген келишим Макулдашкан мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган кандайдыр бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылууга тийиш.
3. Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыгуучу ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө аракеттенет.
4. Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары жогорудагы пункттарды түшүнүүдө макулдашууга жетишүү максатында, алардын өздөрүнүн компетенттүү органдарынан же алардын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен комиссияларды түзүүнү кошуп, бири-бири менен түз байланыштарга чыга алышат.
24-берене. Маалымат менен алмашуу
1. Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун же Макулдашкан мамлекеттердин ички мыйзамдарын аткаруу үчүн ошол мыйзамдар боюнча салык салуу ушул Макулдашууга каршы келбеген даражадагы салыктарга тиешелүү маалыматтар менен алмашып турат. Маалымат алмашуу ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелери менен чектелбейт.
2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык Макулдашкан мамлекет алган ар кандай маалымат, ушул Макулдашкан мамлекеттин ички мыйзамдарынын алкагында алынган маалыматтай эле жашыруун маалымат болуп саналат жана ушул берененин 1-пунктунда аталган салыктарды эсептөө же жыйноо, өндүрүп алуу же куугунтукка алуу, ошондой эле апелляцияларды карап чыгуу менен алектенген органдарга (сотторду жана администрациялык органдарды кошкондо) жана жактарга гана маалымдалат. Мындай жактар же органдар маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонууга тийиш. Алар маалыматты соттун ачык угууларында же соттун чечимин чыгарганда ачыкка чыгарышы мүмкүн.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттары Макулдашкан мамлекетти төмөнкүлөргө милдеттендирүүчү катары эч убакта чечмеленбеши керек:
а) тигил же бул Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына жана администрациялык практикасына каршы келген администрациялык чараларды көрүүгө;
б) тигил же бул Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдары боюнча же демейдеги администрациялык практикасынын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
в) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр-жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же соода процессин ачып берген, же анын ачылышы мамлекеттик саясатка (мамлекеттик тартипке) каршы келе тургандай маалыматты берүүгө.
4. Эгер маалымат Макулдашкан мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралып жатса, экинчи Макулдашкан мамлекет салык салуудагы өзүнүн максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо дагы, экинчи Макулдашкан мамлекет суралып жаткан маалыматты алуу үчүн өзүнүн маалыматты чогултуу ыкмаларын пайдаланышы керек. Жогорудагы сүйлөмдө камтылган милдеттенме 3-пункттун чектөөлөрүнө тийиш болот, бирок мындай чектөөлөр Макулдашкан мамлекеттин ушундай маалыматтарынын эч кандай ички кызыкчылыгы болбогондугу үчүн маалымат берүүдөн баш тартып коюуга мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
5. Ушул берененин 3-пунктунун жобосу эч качан Макулдашкан мамлекетке маалыматты банктын, же башка финансылык институттун, номиналдуу менчик ээсинин же агенттикте аракеттенген жактын, же ишенимдүү жактын карамагында турат же мындай маалымат кайсы бир адамдын жеке менчигинин кызыкчылыгын козгойт деген шылтоо менен гана маалымат берүүдөн баш тартууга жол берет деп каралбашы керек.
25-берене. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери Бул Макулдашуунун жоболору дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин эл аралык укуктун жалпы ченемдери белгилеген же атайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарына таасирин тийгизбейт. 26-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Ушул Макулдашууга Макулдашкан мамлекеттердин өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделип, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана ушул Макулдашуунун 28-беренесине ылайык күчүнө кирет. 27-берене. Күчүнө кириши
1. Макулдашкан мамлекеттер ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө акыркы кабарды алган датадан кийин күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуунун жоболору төмөнкүдөй күчкө ээ:
(а) бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып төлөнгөн же чегерилген суммага карата, төлөө булагынан кармалуучу салыктарга карата; жана (б) башка салыктарга карата - бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан кийин. 28-берене. Колдонулушун токтотуу Ушул Макулдашуу Макулдашкан мамлекеттердин бири анын колдонулушун токтотуп коймоюнча күчүндө болот. Макулдашкан мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийинки ар бир календардык жыл бүткөнгө чейин алты айдан кечиктирбей, анын күчүн денонсациялоо жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлоо жолу менен Макулдашуунун колдонулушун токтото алат. Бул учурда Макулдашуу өзүнүн күчүн төмөнкүлөргө карата токтотот: (а) кабарлоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып төлөнгөн же чегерилген суммага карата, төлөө булагынан кармалуучу салыктарга карата; (б) башка салыктарга карата - мындай кабарлоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан кийин. Муну ырастоо үчүн төмөндө кол коюучулар, тийиштүү түрдө ыйгарым укуктуу болушуп, ушул Макулдашууга кол коюшту. ____-жылы "__" __________ _________________ шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, армян жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Армения Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 498 "2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 22.09.2020 · № 498
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 359-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын…Распоряжение · 18.07.2012 · № 359-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 359-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын…Распоряжение · 18.07.2012 · № 359-р · Күчүн жоготкон