# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү :жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү :жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 131-р
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215812>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15686/edition/818528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215812.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү :жөнүндө) буйругу (26.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215812

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 26-апрели № 131-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, корголушун жана ар тараптан натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, Бишкек шаарында 2016-жылдын 24-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин ортосундагы протоколго, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:";

- 1-пунктта:

төртүнчү абзацындагы "Музейди реконструкциялоонун кадамдык планын иштеп чыксын жана бекитсин" деген сөздөр "Музейди капиталдык оңдоонун биринчи этабын аяктасын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча конкурстук комиссия "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлсүн.";

- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзац менен толукталсын:

"- жаңы экспозициянын Концепциясы жана тематикалык түзүмү бекитилсин;

- жаңы экспозицияны Концепцияга ылайык жайгаштыруу уюштурулсун.".

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
