# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 133-р
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215811>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15685/edition/818417/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215811.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (02.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215811

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 2-майы № 133-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Музейди долбоорлоо жана капиталдык оңдоо үчүн башкы подрядчы уюмду аныктоо боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия түзсүн.";

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген сметага ылайык акча каражатын издеп тапсын;

- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;

- тиешелүү оңдоолор кабыл алынганга чейин ушул буйруктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин параметрлерин өзгөртүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашсын.".

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
