# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 162-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-августундагы № 342-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 162-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-августундагы № 342-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 162-р
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215808>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15682/edition/818276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215808.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 162-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-августундагы № 342-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу (28.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215808

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 16-майы № 162-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-августундагы № 342-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген тиркеме ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

Тиркеме "Тиркеме Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашырууга карата биринчи кезектеги иш-чаралар планын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоочу ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макуадашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).".
