Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПБ № 255 (Кыргыз Республикасы менен Гайана Кооперация Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2016-жылдын 22-сентябры ПБ № 255
1. Кыргыз Республикасы менен Гайана Кооперация Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Ныо-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнө жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш.Атамбаев
Долбоор Кыргыз Республикасы менен Гайана Кооперация Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө БИРГИЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ Кыргыз Республикасы жана Гайана Кооперация Республикасы, эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдөөгө жана өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүү ниетинде, Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерине жана максаттарына, анын ичинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди тийиштүү деңгээлде урматтоо жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө принциптерин жетекчиликке алуу менен, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде бул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган дипломатиялык байланыштарды түзүүнү чечишти. Ушуну ырастоо менен, тийиштүү мамлекеттер тарабынан тийиштүү деңгээлде ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз, орус жана англис тилдериндеги эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери бирдей күчкө ээ. Бул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө каршы пикирлер жаралган учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын "___" ______________ түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн
Гайана Кооперация Республикасы үчүн
_________________________________
_____________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ о консульских сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1408-XII)Конвенция · 24.04.1963
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ № 1138 о дипломатических сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1407-XII)Конвенция · 18.04.1961