# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 109-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 109-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 109-р
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215751>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15625/edition/1188441/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215751.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 109-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу (23.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215751

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 10-апрели № 109-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүчү кызмат орундарынын жана адамдардын тизмеси:

төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын: "15-1. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия мүчөлөрү (Министрлер)."; 37-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "37. Чет мамлекеттерде аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, башкы консулдар, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү.";

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залында көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөө боюнча нускамада:

2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия мүчөлөрү (Министрлер);".

2. Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Ш. Жээнбеков
