# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 183-б (Автомобиль жолунун участогу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 183-б (Автомобиль жолунун участогу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 183-р
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215730>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15604/edition/801984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215730.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 183-б (Автомобиль жолунун участогу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которуу жөнүндө) буйругу (25.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215730

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 25-майы № 183-б "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Таштак-Кызыл-Сеңир автомобиль жолунун узундугу 1,3 км болгон участогу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолунун участогун оперативдүү башкарууга алсын;

- оперативдүү башкарууга алынган автомобиль жолунун участогун капиталдык оңдоо иштерин жана кармоону Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине республикалык бюджеттен 2017-жылы бөлүнгөн жана кийинки жылдары бөлүнүүчү каражаттардын чегинде жүргүзсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
