# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 31-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 31-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 573-р
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215706>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15580/edition/799050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215706.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 31-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215706

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 29-декабры № 573-б Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, 2016-жылдын кант кызылчасынын түшүмүн жыйноо үчүн зарыл болгон өндүрүштүк шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 31-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пунктунда:

биринчи абзацындагы "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацында: "үчүн 2016-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейинки мезгил белгиленсин," деген сөздөр жана цифралар "мезгилине (2016-жылдын 1-сентябрынан 2017-жылдын 1-апрелине чейин)" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын; "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
