# КР Ѳкмѳтγнγн 2017-жылдын 29-мартындагы № 91-б ( "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна имаратты 3 жылга чейинки мѳѳнѳткѳ акы тѳлѳп пайдалануу (ижаралоо) келишиминин шарттарында берγγ жѳнγндѳ) буйругу

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2017-жылдын 29-мартындагы № 91-б ( "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна имаратты 3 жылга чейинки мѳѳнѳткѳ акы тѳлѳп пайдалануу (ижаралоо) келишиминин шарттарында берγγ жѳнγндѳ) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 91-р
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215654>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15529/edition/781090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215654.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2017-жылдын 29-мартындагы № 91-б ( "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна имаратты 3 жылга чейинки мѳѳнѳткѳ акы тѳлѳп пайдалануу (ижаралоо) келишиминин шарттарында берγγ жѳнγндѳ) буйругу (29.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215654

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 29-марты № 91-б Мамлекеттик имараттарды, курулмаларды жана жайларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун иштеши γчγн талаптагыдай шарттарды тγзγγ максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ѳкмѳтγнγн Иш башкармасы:

- "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсγ 50 дареги боюнча жайгашкан имаратты 3 жылга чейинки мѳѳнѳткѳ акы тѳлѳп пайдалануу (ижаралоо) келишиминин шарттарында берсин;

- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мγлктγ ижарага берγγнγн тартиби жѳнγндѳ жобонун 2-главасына ылайык тооруктарды ѳткѳрбѳстѳн "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен ижаралоо келишимин белгиленген тартипте тγзсγн.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
