# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 429-б (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 429-б (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 429-р
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215646>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15521/edition/779521/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215646.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 429-б (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу (13.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215646

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 13-октябры № 429-б Тышкы жардамды өздөштүрүүнүн мониторингинин, баалоосунун жалпы системасын түзүү жана аны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин сунуштарын көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 15-беренелерине ылайык:

1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ колдогу маалыматтык базанын негизинде тышкы жардамдын мониторингинин жалпы системасын, тышкы жардамдарды өздөштүрүүнү баалоо механизмдерин иштеп чыксын, мониторинг процесстерин автоматташтыруу жана тышкы жардамды баалоо боюнча механизмди аныктасын жана 3 айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарылдыгына жараша аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С. Ш. Жээнбеков

Тиркеме Тышкы жардамды өздөштүрүүнүн мониторингинин, баалоосунун жалпы системасын иштеп чыгуу жана аны ишке киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

Уметалиев Санжар Болотбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлигинин өкүлү, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Байгончоков Мирлан Конушбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

Кемелова Динара Амантуровна

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Сазбаков Алмаз Замирбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Темиралиев Таалайбек Асанбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;

Ташболотов Максат Ташболотович

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы;

Дооталиев Улан Тимурович

\-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

Осоев Эркинбек Арстанбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;

Ашымбаева Токтобүбү Абасовна

\-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

Мурзалиев Амангельди Джолдошбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;

Куйкеев Эрик Асанович

\-

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары;

Оморов Азамат Каныбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Абдыкаров Алмазбек Акбаралиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Халитов Михаил Гилфанович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Измайлов Кемал Османович

\-

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Рыскелдиев Улан Асанович

\-

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Третьякова Татьяна

\-

мониторинг жана баалоо улуттук тармагынын координатору (макулдашуу боюнча).
