# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 444-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым буйруктарына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 444-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым буйруктарына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 444-р
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215640>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15515/edition/978657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215640.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 444-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым буйруктарына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (19.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215640

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 19-октябры № 444-б (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 396-б, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 398-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин түзүлгөндүгүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 15-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:

- биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиктин директору" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- он бешинчи абзацтагы "директорунун орун басары" деген сөздөр "директору" деген сөз менен алмаштырылсын;

- жыйырма экинчи жана жыйырма төртүнчү абзацтардагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамынан А.А.Сапаралиев, А.Т.Беков чыгарылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 398-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 396-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
