Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу кызматташтыкты түзүү жөнүндө меморандумдун долбооруна макулдук берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 17-октябры № 439-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу кызматташтыкты түзүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу кызматташтыкты түзүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын Элдик Өкмөтү, мындан ары "Тараптар" деп аталып, 2002-жылдын 24-июнундагы Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Бир тууган коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди жана башка эки тараптуу эл аралык келишимдерди жетекчиликке алып, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, маданият байланыштарын өнүктүрүүгө өз ара кызыгуусун эске алуу менен келишимдик негизди кеңейтүү мындан аркы кызматташтык үчүн талаптагыдай жагымдуу шарттарды камсыз кыларына ынанып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-берене. Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматташтыкты жүргүзүшөт. 2-берене. Тараптар экономикалык мамилелердин өнүгүү келечегин жана абалын эске алуу менен өз компетенциясынын алкагында экономика тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты жүргүзүүгө умтулушат:
- өз өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө экономикалык маалымат менен алмашууга көмөктөшөт жана ишкерлердин арасында биргелешкен долбоорлорго катышууну кубаттайт;
- инвестициялык ишке, чет өлкөлүк инвестициялар менен коммерциялык уюмдардын түзүлүшүнө, компаниялардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ачылышына дем берет;
- ишкердик жана тармактык ассоциациялардын ортосундагы байланыштарды жана кызматташтыкты түзүүгө көмөктөшөт, маркетинг чөйрөсүндөгү кызматташтыкка кызыктырат, экономикалык жана техникалык маселелер боюнча адистердин делегацияларын жана Тараптардын өкүлдөрүнүн өз ара жолугушууларына мүмкүндүк берет;
- соода-экономикалык миссияларда, көргөзмө жана жарманкелерде катышууга кызыктырат, ишкердик иш-чараларды, семинарларды, симпозиумдарды жана конференцияларды уюштурат;
- эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чакан жана орто бизнестин ролун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
3-берене. Тараптар билим берүү жана илим тармагында байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт:
- илимий мекемелердин жана билим берүү уюмдарынын биргелешкен программаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда байланыштарды түзүү жана өз ара аракеттенүү практикасын колдошот;
- окутуучу кадрлар жана студенттер үчүн илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды өткөрүшөт.
4-берене. Тараптар дене тарбия жана спорт жаатында спорттук-массалык иш-чараларга спортчулардын жана командалардын өз ара катышуусу аркылуу кызматташат, Тараптардын спорттук делегацияларынын ортосунда жолугушууларга көмөктөшөт. 5-берене. Тараптар ушул Меморандумдун аткарылышына таасир тийгизиши мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мыйзамдарындагы бардык өзгөртүүлөр жөнүндө бири-бирин маалымдашат. 6-берене. Ушул Меморандум _____________ шаарында 2016-жылдын "__" __________ үч түп нускада кыргыз, кытай жана орус тилдеринде кол коюлду, бардык түп нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ. 7-берене. Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл аралыгында колдонулат. Мөөнөтү өткөндө, эгерде Тараптардын бирөөсү да анын күчүн токтотууга өз каалоосун билдирбесе, бул Меморандум кийинки беш жылга автоматтык түрдө узартылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты үчүн
Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын Элдик Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.