# КР Премьер-министринин 2016-жылдын 14-декабрындагы № 670 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин курамы бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 14-декабрындагы № 670 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин курамы бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 670
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215615>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15490/edition/772411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215615.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 14-декабрындагы № 670 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин курамы бекитүү жөнүндө) буйругу (01.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215615

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУГУ 2016-жылдын 14-декабры № 670 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 1-октябрындагы № 468 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык- коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) төрагасы; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кеңештин төрагасынын орун басары. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Экономика министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; БУУӨПтүн "Демократиялык, башкаруу" программасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча координатору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялардын улуттук борборунун директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык технологиялар жана байланыш маселелерин тейлеген курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти, Кеңештин катчысы.

Жекече:

Аттокуров Данияр Бексултанович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Жунус уулу Алтынбек

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Каратаев Марат Каратаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын коопсуздук чөйрөсүндө стратегиялык пландоо жана эл аралык кызматташтык секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);

Миркин Евгений Леонидович

\-

Кыргызстан Эл аралык университетинин "Компьютердик маалыматтык технологиялар жана башкаруу" кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);

Талыпов Кубатбек Кемелович

\-

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин "Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана радиоэлектроника" кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча).
