Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын натыйжалуу ишке ашыруу жѳнγндѳ) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУГУ 2017-жылдын 27-январы № 60 Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 токтому менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын (мындан ары - Программа) натыйжалуу ишке ашыруу, Программанын биринчи этабын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын жана башка катышуучулардын (мындан ары - катышуучулар) кγч - аракеттерин консолидациялоо жана координациялоо максатында:
1. Программаны ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) тиркемеге ылайык курамда тγзγлсγн.
2. Программада каралган иш-чараларды ѳз убагында, катышуучулардын бирин-бири кайталоосуз ишке ашыруусу Координациялык кеңештин негизги милдети экендиги аныкталсын.
3. Координациялык кеңеш жѳнγндѳ жобону иштеп чыгуу жана бекитγγ Координациялык кеңешке тапшырылсын.
4. Координациялык кеңеш тѳмѳнкγлѳргѳ укуктуу экендиги белгиленсин:
- Программада каралган ар бир иш-чараны ишке ашыруунун натыйжалуу жана оптималдуу жолдорун жана ар бир катышуучу γчγн Программаны ишке ашыруунун конкреттγγ ар айлык индикаторлорун иштеп чыгуу γчγн катышуучулардын ѳкγлдѳрγнγн ичинен жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тγзγγгѳ;
- министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын (макулдашуу боюнча) адистерин, ошондой эле ѳкмѳттγк эмес жана эл аралык уюмдардын кѳз карандысыз эксперттерин белгиленген тартипте ишке тартууга ыйгарым укук берилсин.
5, Координациялык кеңештин жана жумушчу топторунун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (макулдашуу боюнча) жγктѳлсγн
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Тиркеме 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы, Координациялык кеңештин тѳрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнγн башчысы, Координациялык кеңештин тѳрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын орун басары, Координациялык кеңештин тѳрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коомчулук менен байланышуу бѳлγмγнγн финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси, Координациялык кеңештин катчысы (макулдашуу боюнча). Координациялык кеңештин мγчѳлѳрγ: Кыргыз Республикасынын Билим берγγ жана илим министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри: Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Финансы рыногун жѳнгѳ салуу жана кѳзѳмѳлдѳѳ мамлекеттик кызматынын тѳрагасы; Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик салык кызматынын тѳрагасы; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасы; Кыргыз Республикасында Аманаттарды коргоо боюнча агенттигинин директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору. Жекече: Абдраев Анвар Карикеевич - ''Кыргызстан банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча): Акбаралиев Алишер Аскаралиевич - "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Ниязов Назар Абилезимович - "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); Елебесова Акжолтой Джекшалиевна - ''Насыялык маалыматты пайдалануучулар ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); Эшимбекова Фатима Кадыржановна - Дγйнѳлγк банк тобунун долбоорлорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Узагалиева Назгуль Замирбековна - Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун программасынын компонентинин координатору (макулдашуу боюнча); Турусбекова Гульсана Бейшеновна - БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондусунун социалдык саясат бѳлγмγнγн жетекчиси (макулдашуу боюнча); Киниц Ульрих - Эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын Аманат кассалары фондусунун Борбордук Азия боюнча региондук менеджери (макулдашуу боюнча); Добрецова Надежда Николаевна - "Ѳнγктγрγγ саясат институту'' мекемесинин башкармасынын тѳрагасы (макулдашуу боюнча); Аскарбекова Мээрим Жанболотовна - "Сенти" финансылык компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 15.06.2016 · № 319 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы № 143 2Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын…Постановление · 19.03.2018 · № 143 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 15.06.2016 · № 319 · Күчүн жоготкон