# КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 487-б (Кыргыз Республикасынын жарандарынын сѳѳгγн жеткирγγгѳ кеткен чыгымдарды тѳлѳп берγγ жѳнγндѳ) буйругу

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 487-б (Кыргыз Республикасынын жарандарынын сѳѳгγн жеткирγγгѳ кеткен чыгымдарды тѳлѳп берγγ жѳнγндѳ) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 487-р
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215587>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15462/edition/764423/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215587.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 487-б (Кыргыз Республикасынын жарандарынын сѳѳгγн жеткирγγгѳ кеткен чыгымдарды тѳлѳп берγγ жѳнγндѳ) буйругу (15.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215587

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 15-ноябры, № 487-б 2016-жылдын 27-августунда Россия Федерациясы, Москва шаары, Алтуфьевское шоссеси, 5а γй дарегинде жайгашкан "Печатный экспресс" басмаканасынын кампасындагы ѳрттѳн каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сѳѳгγн жеткирγγгѳ кеткен чыгымдарды тѳлѳп берγγ максатында, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бѳлγгγнѳ ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча 2016-жылдын 27-августунда Россия Федерациясы, Москва шаары, Алтуфьевское шоссеси, 5а γй дарегинде жайгашкан "Печатный экспресс" басмаканасындагы ѳрттѳн каза болгон Кыргыз. Республикасынын 14 жаранынын сѳѳгγн жеткирγγ чыгымдарынын ордун толтуруу γчγн Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборун 4013,3 миң (тѳрт миллион он γч миң γч жγз) сом менен каржыласын»;

- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борбору "Эйр Кей Джи" авиакомпаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна кѳрсѳткѳн кызматы γчγн Кыргыз Республикасына сѳѳктѳрдγ жеткирγγ боюнча берилген документтерге ылайык 4013,3 миң (тѳрт миллион он γч миң γч жγз) сом ѳлчѳмγндѳ акы тѳлѳп берсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын социалдык ѳнγктγрγγ бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
