# КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 16-августундагы № 373-б (Республикалык бюджеттен акча каражаттарды бѳлγγ жѳнγндѳ) буйругу

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 16-августундагы № 373-б (Республикалык бюджеттен акча каражаттарды бѳлγγ жѳнγндѳ) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 373-р
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215586>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15461/edition/764411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215586.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 16-августундагы № 373-б (Республикалык бюджеттен акча каражаттарды бѳлγγ жѳнγндѳ) буйругу (16.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215586

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 16-августу № 373-б Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо жана тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджета жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бѳлγгγнѳ ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине «Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Чанач-Сай дарыясын суткалык жѳнгѳ салуучу бассейндин экинчи этабын куруу» объектин куруу γчγн топографиялык, инженердик-геологиялык изилдѳѳлѳрдγ жγргγзγγгѳ жана долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга. республикалык бюджеттен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 7 (жети) миллион сомду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча кошумча бѳлγп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу мыйзамдын долбоорун киргизсин.

2. «Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Чанач-Сай дарыясын суткалык жѳнгѳ салуучу бассейндин экинчи этабын куруу» объектин куруу γчγн долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга мамлекеттик заказчы болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти аныкталсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын агроѳнѳр жай комплекси жана экология бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
