# КР Премьер-министринин 2016-жылдын 12-декабрындагы № 662 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 339 буйругуна ѳзгѳртγγ жана толуктоолор киргизγγ жѳнγндѳ) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 12-декабрындагы № 662 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 339 буйругуна ѳзгѳртγγ жана толуктоолор киргизγγ жѳнγндѳ) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 662
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215564>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15444/edition/760243/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215564.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 12-декабрындагы № 662 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 339 буйругуна ѳзгѳртγγ жана толуктоолор киргизγγ жѳнγндѳ) буйругу (12.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215564

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУГУ 2016-жылдын 12-декабры № 662 Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтγнγн тγзγмγнγн жана мамлекеттик органдардын функциялык милдеттеринин ѳзгѳрγγсγнѳ байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 339 буйругуна тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγ жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Коллективдγγ коопсуздук жѳнγндѳ келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиянын кыргыз бѳлγгγнγн курамында:

- биринчи-тѳртγнчγ абзацтары тѳмѳнкγдѳй редакцияда баяндалсын: «Чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын тѳрагасы;

Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы, комиссиянын тѳрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары, комиссиянын тѳрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары, комиссиянын тѳрагасынын орун басары;»;

- тѳмѳнкγдѳй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары башкармалыгынын начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы;»;

- тѳмѳнкγдѳй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген);».

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
