Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 1 декабря 2023 года № 622 (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Премьер-министра Кыргызской Республики, Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-01.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 25-октябры № 578 Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана эсебин алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 553-VI "Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө" токтомун ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте өзүнүн ишин камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн жана эксперттик коомчулукту ишке тартууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, бизнес-ассоциациялардан жана эксперттик коомчулуктан зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп аныкталсын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин. административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Тиркеме Ведомстволор аралык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун терагасы, ведомстволор аралык комиссиянын терагасы; Кыргыз Республикасьшын Экономика министринин орун басары. ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары: Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасьшын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасьшын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары: Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары: Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин женге салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөңгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасьшын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасьшын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- 2017-жылдын 16-октябрындагы №511-п "Кыргыз Республикасында мамлекеттик негизги фонддордун орточо базардык наркын аныктоо боюнча усулдук сунуштоолорду бекитүү тууралуу" БуйругуПриказ · 16.10.2017 · № 511-п
- Приказ Фонд управлению государственным имуществом при Правительстве КР от 24 февраля 2017 года № 1 "Об утверждении пакета документов, регламентирующего процесс инвентаризации и…Приказ · 24.02.2017 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер…Распоряжение · 01.12.2023 · № 622
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 553-VI "Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана…Постановление · 19.05.2016 · № 553-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер…Распоряжение · 01.12.2023 · № 622
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон