# КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 454-б (Автомашинаны "мамлекеттик пайдасына баш тартуу" бажылык режиминде тариздѳѳ жѳнγндѳ) буйругу

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 454-б (Автомашинаны "мамлекеттик пайдасына баш тартуу" бажылык режиминде тариздѳѳ жѳнγндѳ) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 454-р
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15400/edition/759403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 454-б (Автомашинаны "мамлекеттик пайдасына баш тартуу" бажылык режиминде тариздѳѳ жѳнγндѳ) буйругу (25.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215501

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 25-октябры № 454-б Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке ѳткѳрγп берγγ максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында бажылык жѳнгѳ салуу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 279 жана 280-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коомунун (GIZ) арызынын негизинде 2010-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № BVX012218, кузовунун № WVWZZZ3CZAE136754, кыймылдаткычынын кѳлѳмγ - 1798,0 куб см., ак тγстѳгγ "Фольксваген Пассат" маркасындагы автомашинаны "мамлекеттик пайдасына баш тартуу" бажылык режиминде тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик мγлктγ башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнγктγрγγ министрлигинин оперативдγγ башкаруусуна белгиленген тартипте ѳткѳрγп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнγктγрγγ министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдуу башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын социалдык ѳнγктγрγγ бѳлγмγнѳ, финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
