Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ѳкмѳтγнγн (Автомашинаны «мамлекеттик пайдасына баш тартуу» бажылык режиминде тариздѳѳ жѳнγндѳ) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 25-октябры № 454-б Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке ѳткѳрγп берγγ максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында бажылык жѳнгѳ салуу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 279 жана 280-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коомунун (GIZ) арызынын негизинде 2010-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № BVX012218, кузовунун № WVWZZZ3CZAE136754, кыймылдаткычынын кѳлѳмγ - 1798,0 куб см., ак тγстѳгγ "Фольксваген Пассат" маркасындагы автомашинаны "мамлекеттик пайдасына баш тартуу" бажылык режиминде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик мγлктγ башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнγктγрγγ министрлигинин оперативдγγ башкаруусуна белгиленген тартипте ѳткѳрγп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнγктγрγγ министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдуу башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын социалдык ѳнγктγрγγ бѳлγмγнѳ, финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон