# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 3-майынан "Мамлекеттик компьютердик тармакты түзүү жөнүндө" ПУ №155 Указы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 3-майынан "Мамлекеттик компьютердик тармакты түзүү жөнүндө" ПУ №155 Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-127/edition/285404/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 3-майынан "Мамлекеттик компьютердик тармакты түзүү жөнүндө" ПУ №155 Указы (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2155

---

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек ш., Өкмөт Үйү

2001-жылдын 3-майы ПУ N 155

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

Мамлекеттик компьютердик тармакты түзүү жөнүндө

(КР Президентинин 2001-жылдын 5-декабрындагы ПУ № 354, 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык

Кыргыз Республикасында маалыматташтырууну өнүктүрүү Концепциясына

ылайык, ошондой эле мамлекеттик натыйжалуу башкаруу үчүн оптималдуу

шарт түзүү максатында токтом кылам:

1. «Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган системасынын жана

Мамлекеттик башкаруунун маалыматтык системасынын программалык-

техникалык комплекстеринин негизинде Мамлекеттик компьютердик тармак

(мындан ары – МКТ) түзүлсүн.

2. МКТны эксплуатациялоо, техникалык жана технологиялык жактан

коштоо жана тийиштүү программа менен камсыз кылууну иштеп чыгуу Кыргыз

Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана

телекоммуникация бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. (КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабрындагы ПУ N 354 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон)

6. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабрындагы ПУ N 354 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон)

7. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
