Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ѳкмѳтγнγн (Ош облусунун Алай районунун аймагында жайгашкан узундугу 8 км болгон Кабылан-Кѳл - Талдык автомобиль жолу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которуу жѳнγндѳ) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 13-декабры № 540-б "Автомобиль жолдору жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, 2016-жылдын 18-августундагы № 13/6 Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Кѳл айыл кеңешинин IV чакырылыштагы кезексиз сессиясынын токтомун кѳңγлгѳ алып:
1. Ош облусунун Алай районунун аймагында жайгашкан узундугу 8 км болгон Кабылан-Кѳл - Талдык автомобиль жолу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолунун долбоордук-сметалык документтерин даярдоону жана курууну 2017-жылдагы жана кийинки жылдардагы "Капиталдык салым" беренеси боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырсын;
- аталган автомобиль жолун куруу аякталгандан кийин аны оперативдγγ башкарууга кабыл алсын жана андан ары кγтγγнγ камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон