# КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 11-мартындагы № 95-б (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн "Арзан турак-жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун финансы ресурстары менен камсыз кылуу жѳнγндѳ) буйругу

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 11-мартындагы № 95-б (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн "Арзан турак-жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун финансы ресурстары менен камсыз кылуу жѳнγндѳ) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 95-р
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215478>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15377/edition/759245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215478.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 11-мартындагы № 95-б (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн "Арзан турак-жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун финансы ресурстары менен камсыз кылуу жѳнγндѳ) буйругу (25.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215478

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 11-марты № 95-б (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 510-б буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн "Арзан турак-жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун толук кандуу иштѳѳсγ γчγн финансы ресурстары менен камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:

1) 2016-жылдын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды (мындан ары - МБК) чет ѳлкѳлγк валютада чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен 3,7 млрд сом ѳлчѳмундѳ финансы каражаттарынын тγшγγсγн камсыздасын;

2) МБКны чыгаруунун жана жайгаштыруунун тѳмѳнкγ параметрлерин белгилесин:

- МБК тγрγ - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигациялары (мындан ары - МКО);

- валюта - АКШ доллары;

- бир МКОнун номиналдык наркы - 1 000,0 АКШ доллары;

- жγгγртγγ мѳѳнѳтγ - 5 жыл;

- купондук ставка - жылдык 2 пайыз;

- купонду тѳлѳѳнγн мезгилдγγлγгγ - жарым жылдык;

- негизги сумманы тѳлѳѳ - жγгγртγγ мѳѳнѳтγнγн аягында бир жолку тѳлѳм;

3) МКОну чыгаруунун мезгилдγγлγгγн, Торуктарды уюштуруучуну, Эсептѳѳлѳр боюнча депозитарийди жана операторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктасын;

31) мамлекеттик казыналык облигациялардын жγгγртγγ мѳѳнѳтγ бγткѳнгѳ чейин аларды толук же жарым-жартылай тѳлѳѳ мγмкγнчγлγгγ белгиленсин;

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 510-б буйругунун редакциясына ылайык)

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын эсепке алууда 1 жана 2-пункттарга ылайык ишке ашырылуучу мамлекеттик карыз алууларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызынын курамына киргизсин;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен тѳмѳнкγ маселелерди макулдашсын:

- "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бюджеттик ссудаларды тѳмѳнкγ шарттарда бѳлγγнγ: сумма - 3,7 млрд сом;

бюджеттик ссуданы тѳлѳѳ мѳѳнѳтγ - 10 жыл; пайыздык ставка - 5 пайыз; негизги сумманы тѳлѳѳ боюнча мѳѳнѳтγн кийинкиге жылдыруу -бюджеттик ссуда берилген датадан тартып 5 жыл; тѳлѳѳнγн мезгилдγγлγгγ - квартал сайын.

- МБКны чыгаруудан Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине тγшγγлѳрдγн кѳлѳмγн 3,7 млрд сомго кѳбѳйтγγ;

6) МБКны чыгаруудан тγшγγчγ 3,7 млрд сом ѳлчѳмγндѳгγ сумманы караштырган "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу мыйзамдын долбоорун киргизсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.

Премьер-министр

Т.С. Сариев
