# КР Өкмѳтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 520-б (Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмѳтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 520-б (Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 520-р
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215465>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15364/edition/753043/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215465.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмѳтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 520-б (Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу (02.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215465

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 2-декабры № 520-б Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 9-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн биринчи сорттогу 15 тонна унду Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчѳ кырдаалдар министрлиги биринчи сорттогу 15 тонна унду Нарын облусуна, арналган жерине чейин 2016-жылга министрликке каралган каражаттардын эсебинен жеткирүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын тургундарына унду акысыз негизде даректүү бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бѳлүмүнө жүктѳлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
