# КР Өкмөтγнγн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 497-б (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Нарын шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтγнγн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 497-б (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Нарын шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 497-р
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215442>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15341/edition/749995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215442.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтγнγн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 497-б (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Нарын шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө) буйругу (21.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215442

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 21-ноябры № 497-б Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын ,8-июлундагы № 105 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну (мындан ары - Кредиттик макулдашуу) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Нарын шаарынын мэриясы менен тѳмөнкү шарттарда Субкредиттик макулдашууну түзсүн:

- кредиттин суммасы 2 млн (эки миллион) евро;

- кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставка - кредиттин иш жүзүндө өздѳштүрүлгөн суммасына Еврибор + жылдык 1,5 %;

- күрөѳлүк камсыздоо - кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган жабдуулар жана башка мүлк;

- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 14-майында жана 14-ноябрында 25 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2018-жылдын 14-майы жана кредитти тѳлѳөнүн акыркы датасы - 2030-жылдын 14-майы;

- төлөм кечиктирилген учурда мөөнөтү өткѳн карыздар пайда болгон учурдан тартып ушул карызды кошо алганда толук төлөнүп бүткөн датага чейинки финансылык санкциялар - Еврибор + жылдык 5 %;

- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмүндө комиссия, ал Кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн кийин эсептелет;

- эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктѳлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
