Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмѳтγнγн (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Баткен шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жѳнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 21-ноябры № 496-б Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 8-июлдагы № 106 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана ѳнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну (мындан ары - Кредиттик макулдашуу) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Баткен шаарынын мэриясы менен төмөнкү шарттарда Субкредиттик макулдашууну түзсүн:
- кредиттин суммасы 1,5 млн (бир миллион беш жүз миң) евро;
- кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставка - кредиттин иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына Еврибор + жылдык 1,5 %;
- кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган жабдуулар жана башка мүлк түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо;
- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 14-майында жана 14-ноябрында 25 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мьнда кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2018-жылдын 14-майы жана кредитти төлөѳнүн акыркы датасы - 2030-жылдын 14-майы;
- төлөм кечиктирилген учурда меөнөтү өткөн карыздар пайда болгон учурдан тартып ушул карызды кошо алганда толук тѳлөнүп бүткөн датага чейинки финансылык санкциялар - Еврибор + жылдык 5 %;
- кредиттин өздөштүрулбөгѳн суммасы учун жылына 0,5 % өлчөмүндө комиссия, ал Кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн кийин эсептелет;
- эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмѳтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо…Закон · 08.07.2016 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.