# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016- жылдын 7-октябрындагы № 422-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу боюнча жоюу комиссиясы түзүлүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016- жылдын 7-октябрындагы № 422-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу боюнча жоюу комиссиясы түзүлүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 422-р
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15316/edition/743909/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016- жылдын 7-октябрындагы № 422-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу боюнча жоюу комиссиясы түзүлүү жөнүндө) буйругу (07.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215417

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 7-октябры № 422-б "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу боюнча жоюу комиссиясы (мындан ары - жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Жоюу комиссиясы эки айлык мөөнөттѳ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу боюнча зарыл болгон иш-чараларды жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу боюнча жоюу комиссиясынын курамы

Эгембердиев А.Р.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы штабынын начальниги (комиссиянын төрагасы);

Термечиков Б.Ш.

Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүм аткаруу жана атайын эсеп бөлүмүнүн начальниги;

Атканов Н.А.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кадрлар менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Джолдошев Д.А.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын инспектору

Шейшенов А.С.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы оперативдүү-режим башкармалыгынын соттолгондор менен иштөө боюнча топтун улук оперкызматкери;

Алымбеков Б.А.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын финансылык-экономикалык башкармалыгынын инспектору;

Осмоналиев К.Ж.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун региондор менен иштөө боюнча башкармалыгынын адиси
