Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2016- жылдын 19-октябрындагы № 446-р (Региондорду өнүктүрүү фонддорун каржылоого республикалык бюджеттен каражат бөлүү жана «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизүү жөнүндө)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 19-октябры № 446-б Жергиликтүү маанидеги инфраструктура объекттерин күтүүгө чыгымдарды каржылоо, шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү коомчулугунун жарандардын жашоо денгээлин жогорулатууга багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо, жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Респуликасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча региондорду өнүктүрүү фонддорун каржылоого республикалык бюджеттен 271.3 млн (эки жуз жетимиш бир миллион уч жуз миң) сом өлчөмүндө каражат бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 134-б "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Жумагулов Султанбек Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине…Распоряжение · 12.04.2018 · № 134-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.12.2016 · № 214
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон