Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана «Кичи-Чаарат» жабык акционердик коомунун чектелген чарбалык иш жүргүзүү зонасына кирген, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан аянты 2962,8 кв. м жер участогуна «Кичи-Чаарат» жабык акционердик коому ишке ашыруучу эки чынжырлуу 110 кВ чыналуудагы аба электр беруу линиясын курууну уюштуруу үчүн тиркемеге ылайык төмөнкү шарттарда сервитут белгилөө жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 4-октябры № 413-б Талас жана Жалал-Абад облустарынын калкынын социалдык-экономикалык абалын жана жашоо-шарттарын, республикадагы инвестициялык климатты жакшыртуу максатында, Республикасынын Граждандык кодексинин 23311 жана 23312 беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 53 жана 54-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 26-июлундагы № 05-15-2/1327 кайрылуусун көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомунун чектелген чарбалык иш жүргүзүү зонасына кирген, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан аянты 2962,8 кв. м жер участогуна "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коому ишке ашыруучу эки чынжырлуу 110 кВ чыналуудагы аба электр беруу линиясын курууну уюштуруу үчүн тиркемеге ылайык төмөнкү шарттарда сервитут белгилөө жөнүндө сунуштарына макулдук берилсин:
- жогоруда аталган жерлерди максаттуу пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги берген 2008-жылдын 22-декабрындагы № Аи-88-02 Иштеп чыгуу максатында жер казынасын пайдаланууга лицензиянын жарактуулук мөөнөтүндө;
- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоо;
- техникалык ченемдерди жана талаптарды сактоо;
- бул жер сервитуту сатып алуу-сатуунун, күрөөгө коюунун предмета боло албайт жана ар кандай башка ыкмалар менен юридикалык жана жеке жактарга берилбейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сервитут белгилөө үчүн өз убагында жана тиешелүү акы төлөө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркы менен "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомунун ортосунда ушул буйруктун 1-пунктунда аталган шарттарда жер участокторуна сервитут белгилөө жөнүндө макулдашуу (келишим) түзүүнү камсыз кылсын.
3. "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлерду камсыз кылуу сунушталсын:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жер участокторуна техникалык жана экологиялык коопсуздук бөлүгүндө эксперттик корутундулары менен тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
С.Ш. Жээнбеков
Тиркеме
Сервитут белгилөө үчүн "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркынын жер участокторунун аянты
Учас токтун №
Участоктун аянты, м 2
Участок-тун кординаттары
Максаттуу зона
Кендик
Узактык
328
63,3
42°16'10.79235"N
71°3'48.87958"E
Чектелген чарбалык иш «Ургузуу
329
85,6
42°16'0.2545"N
71°3'43.79283"E
330
73.2
42°15'56.89663"N
71°3'35.54566"E
331
66.4
42°15'47.56211"N
71°3'27.26319"E
332
42,5
42°15'39.09061"N
71°3'16.58219"E
333
65,6
42°15'30.77222"N
71°33'6.09618"E
334
53,7
42°15'20.71776"N
71°33'5.37719"E
335
63,3
42°15'12.54162"N
71°2'59.14882"Е
336
78,4
42°15'1.75744"N
71°33'3.4313"E
337
70.4
42°14'53.61528"N
71°2'52.82476"E
338
80
42°14'43.50454"N
71°2'49.60551"E
339
47,9
42°14'34.04493"N
71 2'43.25569"Е
340
73,2
42°14'23.14392"N
71°2'35.93912"E
341
84,6
42°14'16.1326"N
71 2'32.83171'Е
342
101,1
42°14'10.27537"N
71 32'40.5534"E
343
78,2
42°14'3.49032"N
71 2'45.19866"Е
344
92,9
42°13'56.61"N
71°32'54.21"E
345
105,2
42°13'53.43179"N
71°2'58.40272"E
346
79,6
42°13'47.12841"N
71°33'5.08211"E
347
73,8
42°13'40.96095"N
71 3'11.61815"E
348
83,9
42°13'36.50351"N
71 З'16.34564"Е
349
73,8
42°13'31.67807"N
71°3'21.45108"E
350
83,9
42°13'25.8011"N
71°3'27.67889"E
351
105,2
42°1320.50251"N
71°3'33.29143"E
352
97
42°13'12.05809"N
71°3'42.23726"E
353
90,1
42°13'6.60177"N
71°3'48.01531"Е
354
76,2
42°12'56.94975"N
71°3,58.23789"E
355
93,3
42°12'52.83024"N
71 34'2.60072"E
356
103,7
42°12'48.87153"N |
71°34'6.79207"E
357
91,7
42°12'44.6329"N
71 4'11.28044"Е
358
80,4
42°12'44.88896"N
71°4'14.18619"E
359
73.2
42°12'37.27963"N
71 4'19.06649"Е
360
226.2
42°12'27.33026"N
71°4'29.59979" E
361
205.3
42°12'10.70582"N
71°4'47.19701"E
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15