Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР 2016 жылдын 19- июлундагы № 323-б (Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө насыялык макулдашуунун долбоорун (№ KYR-0053/54 долбоору) жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 19-июлу № 323-б
1. Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө насыялык макулдашуунун тиркелген долбоору (№ KYR-0053/54 долбоору) жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Насыялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Респуликасынын Премьер-министри
С. Жээнбеков
Расмий эмес котормо Долбоор: KYR-0053/54 Кыргыз Республикасы менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын (өзүнүн атынан жана өнүктүрүү максатында тилектештик ислам фондунун администратору катары аракеттенген) ортосундагы НАСЫЯЛЫК МАКУЛДАШУУ Сарымсак ирригациялык системасын кайра өнүктүрүү долбооруна, Кыргыз Республикасы Насыялык макулдашуу Ушул насыялык макулдашуу (Макулдашуу) Хиджра боюнча (___/___/___), григориан календары боюнча (____/____/____), КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (мындан ары "Алуучу" деп аталуучу) жана ИСЛАМ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН (ИӨБ), өзүнүн атынан жана өнүктүрүү максатында тилектештик ислам фондунун администратору катары аракеттенген (ӨМТИФ) (мындан ары "Банк" деп аталуучу) ортосунда Алуучу жана Банк, мындан ары өз алдынча "Тарап" жана чогуу "Тараптар" деп аталышат. Төмөндөгүлөргө байланыштуу,
A. Алуучу Банкка I тиркемеде сүрөттөлгөн, "Сарымсак" ирригациялык тутумун кайра конструкциялоо долбоорун (мындан ары "Долбоор" деп аталган) каржылоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган;
B. Банктын максаттарынын бири долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын каржылоо үчүн зайымдарды бөлүү аркылуу мүчө-өлкөлөргө көмөк көрсөтүүдө камтылган;
C. ӨМТИФ - бул Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) мүчө-өлкөлөрүндө жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу үчүн, өндүрүштү жана кызматтарды өнүктүрүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду жана программаларды каржылоо үчүн ИӨБ алкагында түзүлгөн атайын фонд; жана
D. ИӨБ Аткаруучу директорлорунун кеңеши жана ӨМТИФ Директорлор кеңеши Хиджра боюнча 10/10/1436 (григориан календары боюнча 26/07/2015) Алуучуга ушул документте мындан ары баяндалган шарттарда, 2-беренеде каралган зайымды ИӨБ жана ӨМТИФ ресурстарынан бөлүүнү (мындан ары "Насыя" деп аталган) бекитишти.
Жана, жогоруда баяндалганга жараша, Тараптар төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Жалпы шарттар, аныктамалар жана чечмелөө
1.1. Тараптар эгерде алар ушул документте толук көлөмдө баяндалса, бирдей күчкө жана колдонууга ээ болгон, Жалпы шарттардын бардык жоболорун колдонушат.
1.2. Эгерде контекст башкача талап кылбаса, Жалпы шарттарда жана ушул Макулдашууда аныкталган шарттар алар үчүн белгиленген ушул Макулдашуунун каалаган ордунда мааниге ээ болот. Мындан тышкары төмөндөгү терминдер алар үчүн белгиленген мааниге ээ болот:
Консультант:
Долбоорду ишке ашыруу үчүн көзөмөл жүргүзүү үчүн ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык тандалган жеке консультант, ошондой эле консалтингдик фирма.
Төлөө процедуралары:
Банктын колдонуудагы "Төлөө процедуралары", ага карата түзөтүүлөрдү эске алуу менен.
Төлөмдөр:
Ушул Макулдашууга ылайык каржылануучу, компоненттер боюнча чыгымдарды жабуу үчүн насыя каражаттарын алуу.
Аткаруучу агенттик:
Алуучу үчүн жана анын атынан Долбоорду ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тарта турган, Макулдашуунун 6.1 бөлүмүндө аныкталган уюм.
Биринчи төлөм:
Ушул Макулдашууга жана Төлөө процедураларына ылайык Макулдашуу күчүнө киргенден кийин зайымдын каражаттарын биринчи төлөө.
Жалпы шарттар:
Банктын Аткаруучу директорлорунун кеңеши тарабынан бекитилген, 08/11/1976-жылдагы "Насыяга жана Кепилдик Макулдашууларына карата колдонулуучу Жалпы шарттар" (АДК № 47/ВED/96/10(27) чечими).
ИӨБ насыясы:
2-беренеде көрсөтүлгөндөй, ИӨБ Жөнөкөй негизги ресурстарынан зайымдын суммасы.
ӨМТИФ насыясы:
2-беренеде көрсөтүлгөндөй, ӨМТИФ ресурстарынан зайымдын суммасы.
ӨМТИФ операциялык саясаты жана жетектөөчү принциптери:
Григориан календары боюнча 2008-жылы Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген (№ ISFD/1429H/BOD/02/(6)) "Өнүктүрүү максатында тилектештик ислам фондунун операциялык саясаты жана жетектөөчү принциптери". Операциялык саясаттагы жана жетектөөчү принциптердеги бардык айырма учурунда, Банктын тийиштүү саясаттары жана жетектөөчү принциптери колдонулат.
Насыя/насыянын суммасы:
2-беренеде көрсөтүлгөндөй, Банк Реципентке карызга берүүгө макул болгон сумма.
Насыянын негизги суммасы:
Ушул Макулдашууга ылайык төлөмдөрдүн жалпы суммасы.
ИӨБ насыянын негизги суммасы:
Ушул Макулдашууга ылайык ИӨБ насыя каражаттарынан сумма.
ӨМТИФ зайымынын негизги суммасы:
Ушул Макулдашууга ылайык ӨМТИФ насыя каражаттарынан сумма.
Сатып алуу боюнча колдонмо:
Банктын "Товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча колдонмосу".
Долбоор:
Жогоруда А Декларативдик бөлүгүндө сүрөттөлгөн долбоор.
Санкцияга кабылуучу аракеттер:
Бардык коррупцияланган практика, мажбурлоо, көмүскө бүтүм, алдамчылык же тоскоолдук кылуу практикасы:
(i) Коррупцияланган практика: башка тараптын аракетине талаптагыдай эмес таасир этүү максатында түз же кыйыр баалуу бир нерсени сунуштоону, берүүнү, алууну же опузалап талап кылууну түшүндүрөт.
(ii) Мажбурлоо практикасы: башка тараптын аракетине талаптагыдай эмес таасир этүү максатында түз же кыйыр каалаган тарапка же тараптын мүлкүнө зыян же чыгаша алып келүүчү же зыян же чыгаша келтирүү коркунучун жаратуучу, бардык аракетти же аракетсиздикти түшүндүрөт.
(iii) Жашыруун көмүскө бүтүм практикасы: талаптагыдай эмес максатка жетүүгө, анын ичинде башка тараптын аракетине талаптагыдай эмес таасир этүүгө багытталган, эки же андан көп тараптын ортосундагы макулдашууну түшүндүрөт.
(iv) Алдамчылык: финансылык же башка пайда алуу үчүн же милдеттенмелерди аткаруудан качуу үчүн тарапты атайлап же шалакылыктан улам адашууга алып келген же адашууга алып келүүгө аракет кылган бардык аракетти же аракетсиздикти, анын ичинде Адашууга алып келүүнү түшүндүрөт.
(v) Тоскоолдук кылуу практикасы түшүндүрөт:
(a) Банктын коррупция, алдамчылык, мажбурлоо же жашыруун көмүскө бүтүм жөнүндө арыздарды иликтөөсүн олуттуу оорлотуу үчүн иликтөө үчүн заттык далилдерди атайлап жок кылуу, бурмалоо, өзгөртүү же жашыруу же тергөөчүлөргө жалган көрсөтмөлөрдү берүү жана/же иликтөөгө же иликтөө жүргүзүүгө тиешелүү маселелер жөнүндө өзүнүн билгендерин ачыктоонун алдын алуу үчүн коркутуучу, куугунтуктоочу же чочутуучу аракеттер, же
(b) Банктын коррупция, алдамчылык, мажбурлоо же жашыруун көмүскө бүтүм жөнүндө арыздарды иликтөөсүнө байланыштуу, контрактка ылайык зарыл болгон маалыматтарга карата Банктын жетүү мүмкүндүгүнө олуттуу тоскоолдук кылууга багытталган аракеттер.
Насыяны тейлөө үчүн акы:
Жалпы шарттардын 3.02 жана ушул Макулдашуунун 3.2 бөлүмдөрүнө ылайык, зайымды башкарууда тарткан Банктын административдик чыгымдарын жабуу үчүн акы.
АКШ доллары:
Америка Кошмо Штаттарынын мыйзамдуу валютасы.
1.3. Чечмелөө:
(i) "Тиркеме", "График" терминдери бардык башка көрсөтмөлөрдү сактоо шарттарында тиркемеге, макулдашуу графигине же мындай шилтеме эскертилген документке көрсөтмө катары чечмелениши керек; (ii) "Анын ичинде" терминин "кошо алганда, чектөөлөрсүз" катары түшүнүү керек; (iii) Ушул Макулдашуу же бардык башка макулдашуу же документ ушул Макулдашууга же тийиштүү учурда башка ушундай макулдашууга же киргизилген же мүмкүн болуучу кийинки оңдоолорду, шарттуу белгилерди же толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен, шилтеме катары чечмеленет; (iv) "Бepeнe", "Бөлүм", "Пункт" же "Преамбула" терминдери, эгерде башкача көрсөтүлбөсө, ушул Макулдашууда камтылган же ушул Макулдашууга тиешелүү катары чечмеленет; (v) ушул Макулдашуудагы аталыштар ыңгайлуулук үчүн гана пайдаланылат жана алар ушул Макулдашууда камтылган туюнтмалардын көлөмүн же маанисин кандайдыр бир жол менен өзгөртүүнүн, чектөөнүн же көбөйтүүнүн пайдасына чечмелөөгө болбойт; (vi) жеке сан көптүк санды камтыйт жана тескерисинче; ошондой эле (vii) "Күн" жана "Жыл" терминдери григориан календары боюнча күндү, айды жана жылды түшүндүрөт. 2-берене. Насыя
2.1. Банк Алуучуга төмөндөгүдөн ашпаган суммада насыя берет:
(i) ИӨБ насыя каражаттарынан 7320000,00 ИД (Жети миллион үч жүз жыйырма миң ислам динары), бул болжол менен 10250000,00 АКШ долларына (Он миллион эки жүз элүү миң АКШ доллары) эквиваленттүү; (ii) ӨМТИФ насыя каражаттарынан 3000000,00 АКШ долл. (үч миллион АКШ доллары).
2.2. Ушул Макулдашуу боюнча Насыя берүү боюнча Банктын милдеттенмеси төмөндөгү шарттарда жарактуу:
(i) ушул Макулдашуунун күчүнө кирүү датасы эгерде Банк бул мезгилди узартууну чечпесе, ушул Макулдашууга кол койгон датадан кийин 180 (жүз сексен) күн аралыгында башталат; жана (ii) биринчи төлөмдү жүргүзүүгө өтүнмө ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан кийин 180 (жүз сексен) күн аралыгында же Алуучу жана Банк өз ара макулдаша турган датада берилет.
2.3. Эгерде Банк башкага макул болбосо, анда Насыянын каражаттарынын эсебинен каржылануучу, товарларды жана кызматтарды сатып алуу сатып алуулар боюнча колдонмого ылайык жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу Алуучу Израилдин бойкотуна байланыштуу ОИС жоболорун сактоосу керек.
2.4. Макулдашуу күчүнө кирген күндөн кийин жана григориан календары боюнча 30/05/2021 кеч эмес ("Жабуу датасы") Насыянын каражаттарын алуу жүргүзүлөт. Алуучу тарабынан берилген, Насыя каражаттарын алууга бардык өтүнмө II тиркеменин Е графигинде көрсөтүлгөн талаптарга жана ушул Макулдашуунун, Жалпы шарттардын жана Төлөө процедураларынын башка жоболоруна шайкеш келүүсү керек.
2.5. Алуучу Насыя каражаттарынан алган бардык сумма Долбоордун максаттарына жетүү үчүн гана пайдаланылат.
2.6. 2.7 бөлүмгө ылайык ушул Макулдашуунун алкагында каралган товарлар жана кызматтар үчүн бардык төлөмдөр Төлөмдөр графигинин процедураларына ылайык түз төлөө аркылуу жүргүзүлөт.
2.7. Каралган учурларда жана бул колдонулган жерлерде:
(i) ИӨБ насыясы үчүн АКШ доллар менен; (ii) ӨМТИФ насыясы үчүн АКШ доллары менен. Алуучунун борбордук банкында же Долбоор боюнча төлөмдөрдү оңой жана өз убагында жүргүзүүгө Банк үчүн алгылыктуу, жергиликтүү коммерциялык банкта Атайын эсеп ачат. Атайын эсепте жайгаштырыла турган максималдуу сумма бир жолу 500000,00 АКШ долларынан (беш жүз миң АКШ доллары) ашпашы керек. Атайын эсепти толуктоо жана башка маселелер Атайын эсепти ачуу боюнча колдонмого ылайык жүргүзүлөт жана чечилет. 3-берене. Негизги сумманы төлөө жана тейлөөлөр үчүн төлөмдөр
3.1. Алуучу негизги сумманы төлөйт:
(i) ИӨБ насыясы 25 (жыйырма беш) жылдан кийин, анын ичинде ушул Макулдашууга кол коюу датасынан кийин баштала турган, 7 (жети) жыл аралыгындагы жеңилдик мезгили менен, Жалпы шарттардын 4.02 бөлүмүнө ылайык эркин алмашма валюта менен жана II тиркеменин А-графигинде каралган тартипте 36 (отуз алты) ырааттуу жарым жылдык төгүмдөр түрүндө; жана (ii) ӨМТИФ насыясы 30 (отуз) жылдан кийин, анын ичинде ушул Макулдашууга кол коюу датасынан кийин баштала турган, 10 (он) жыл аралыгындагы жеңилдик мезгили менен, АКШ доллары менен жана II тиркеменин В-графигинде каралган тартипте 40 (кырк) ырааттуу жарым жылдык төгүмдөр түрүндө.
3.2. Алуучу насыяны тейлөө үчүн төлөмдү төмөндөгүдөй өлчөмдө баштапкы эсептелген суммада жүргүзөт:
(i) ИӨБ насыясын тейлөө үчүн II тиркеменин С-графигинде берилген тартипте 647088,00 ИД (алты жүз кырк жети миң сексен сегиз Ислам динары); жана (ii) ӨМТИФ насыясын тейлөө үчүн II тиркеменин D-графигинде берилген тартипте 265200,00 АКШ доллары (эки жүз алтымыш беш миң эки жүз АКШ доллары). Насыяны тейлөө үчүн акы ушул Макулдашууга кол коюу датасынан тартып кошуп эсептелет жана Насыяларды тейлөө боюнча эсептер жана акы алуу боюнча банктын колдонмосуна ылайык эсептелет жана алынат.
3.3. бөлүмүндө шилтеме берилген, Насыяны тейлөө үчүн сумма ушул макулдашууда каралгандай, ишке ашыруу мезгилин жана насыянын толук суммасын төлөө мезгилин болжолдоонун негизинде эсептелди. Тейлөө үчүн акынын иш жүзүндөгү суммасы Долбоорду ишке ашыргандан кийин, ал төмөндөгүдөн ашпаган шартта эсептелет:
(i) ар жылдык негизде эсептелүүчү, ИӨБ Насыясынын 1,5% (бир бүтүн ондон беш пайыз); жана (ii) ар жылдык негизде эсептелүүчү, ӨМТИФ Насыясынын 0,75% (нөл бүтүн, жүздөн жетимиш беш пайыз).
3.4. Ушул Макулдашуу боюнча бардык төлөмдөр, анын ичинде Насыянын негизги суммасын жана тейлөө үчүн акыны тындыруу, мындай төлөмдөрдү түшүндүргөн каражаттар бул максаттар үчүн Банк тарабынан көрсөтүлгөн эсепке которулганда тийиштүү түрдө жүргүзүлгөн катары эсептелет.
3.5. бөлүмдүн жоболорунун жалпы мүнөзүн азайтпастан, ушул Макулдашуу боюнча бардык төлөмдөр төмөндөгү банктардын бири мындай төлөмдүн Банкка түшкөнүн ырастаганда, талаптагыдай жүргүзүлдү деп эсептелет.
АКШ доллары менен эсеп: No: GB36SINT60928000159111 Улуу Британиянын Эл аралык банкы "Gulf International Bank (UK) Ltd." Улуу Британия Лондон SW1X 7XS Найтсбридж, 1 Телекс: 8812261/2 Свифт коду: SINTGB2L ӨМТИФ насыясы үчүн (АКШ доллары менен): Улуу Британиянын Эл аралык банкы "Gulf International Bank (UK)" Лондон GB77 SINT 60928000159149 PAF Эсеп № 000111058 Свифт коду: SINTGB2L Корреспондент: HSBC Банк АКШ, Нью-Йорк Свифт коду (Корреспондент - АКШ долл.): MRMDUS33
Фунт стерлинг менен эсеп: No: GB13SINT60928000159137 Улуу Британиянын Эл аралык банкы "Gulf International Bank (UK) Ltd." Улуу Британия Лондон SW1X 7XS Найтсбридж, 1 Телекс: 8812261/2 Свифт коду: GULF GB2L
Евро менен эсеп: No: FR7643899000019696500151088 Араб жана француз банктарынын союзу (САФБ) Франция, 92523 Париж, Нейи Седекс Телекс: 610334 UBAF Свифт коду: UBAFRPPXXX
3.6. Эгерде кандайдыр бир төлөмдүн мөөнөтү Алуучу төлөмдү көрсөтүлгөн валютада жүргүзүү ордунда банктар расмий иштебеген күнү болсо, анда мындай төлөм банктар иштей турган кийинки күнү жүргүзүлөт.
3.7. Эгерде Алуучу ушул Макулдашуу боюнча төлөөгө жаткан кандайдыр бир суммасы төлөбөсө, анда белгиленген суммага карата кошумча ал Ислам шариатынын принциптерине ылайык:
(a) Банкка төлөмдү кармоонун жыйынтыгында Банк тарткан бардык чыгашаларды, зыянды, акылга сыярлык тарткан чыгымдарды жана чыгашаларды (анын ичинде, бирок чектелбестен бардык соттук чыгымдар жана чыгашалар же агент-коллектордун чыгашалары жана чыгымдары) компенсациялайт; жана (b) Банкка төлөмдүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү үчүн айып төлөйт, төлөмдүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү үчүн мындай айып төмөндө көрсөтүлгөн формуланы колдонуудан кийин Банк тарабынан аныкталган сумма түрүндө эсептелет жана колдонулат:
мында: "А" - төлөнбөгөн сумма; "В" - 0,1% жылына; жана "С" - тийиштүү төлөө датасынан кийинки жана иш жүзүндөгү төлөө датасын кошо алгандагы, күндөрдүн саны (соттун чечимине чейин же кийин). Бардык тарткан иш жүзүндөгү чыгашалар жана чыгымдар кармалгандан кийин Банк ушул Беренеге ылайык алынган бардык сумманы ыйык максаттар үчүн арналган Банк эсебине жайгаштырат.
Эсеп №
0000 100 102
Банктын аталышы:
Британ-араб коммерциялык банкы
Свифт коду:
BACMGB2L
Банк эсебинин эл аралык номери (IBAN):
GB69 ВАСМ 4051 3200 100 102
3.8. Банк эгерде Алуучу Алуучунун төлөмдү жүргүзүү жөндөмсүздүгү анын милдеттерин атайлап аткарбоо менен байланышы жоктугуна, Банкты канааттандыруучу ырастоону көрсөтүүгө жөндөмдүү болсо, 3.7(b) беренеде көрсөтүлгөн мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген төлөм үчүн айыпты колдонбойт.
4-берене. Күчүнө киргендиги тууралуу жарыя Ушул Макулдашуу жана ал боюнча Банктын милдеттенмелери Алуучу төмөндөгүлөргө тиешелүү, Банк үчүн алгылыктуу документтерди бергенге чейин жана бермейинче күчүнө кирбейт: (i) Алуучу ушул Макулдашууну тариздөөгө жана көрсөтүүгө Алуучунун атынан талаптагыдай ыйгарым укуктарды алганына же ушул Макулдашууну тариздөө жана көрсөтүү Алуучунун компоненттүү органдары тарабынан ратификацияланганына далилдер; (ii) Алуучу тин башкы сот жана/же юридикалык органынан чыккан, Макулдашуунун жоболору Алуучу үчүн юридикалык күчкө ээ болгон байланыштыруучу милдеттенмелерди түшүндүрө турганы көрсөтүлгөн, ушул Макулдашууга карата III тиркемеде каралган форма боюнча таризделген, Банк үчүн алгылыктуу юридикалык корутунду. Алуучунун Финансы министрлигинен же башка талаптагыдай ыйгарым укуктуу органынан Алуучунун Насыянын негизги суммасын жана ушул Макулдашууга ылайык Тейлөө үчүн акыларды төлөп берүү борбордук банк тарабынан алар төлөөгө жаткан датада жүргүзүлүп жатканын көрсөтүү/уруксат берүү менен Кыргыз Республикасынын борбордук банкына каттары; жана Борбордук банк аталган кат-нускаманы/уруксатты алганын жана ал анда камтылган көрсөтмөлөрдү кармана турганын тааныйт; ЖЕ Алуучу Финансы министрлиги же башка талаптагыдай ыйгарым укук берилген орган аркылуу Банкка тышкы карызды тейлөө жоопкерчилиги жүктөлгөн кызыкдар бөлүм же ведомство зайымдын негизги суммасын жана тейлөө үчүн акыны белгиленген мөөнөттө төлөп берүүгө көрсөтмө алгандыгын ырастоочу кат берет; (iii) Алуучу бардык зайым боюнча каражаттарды алууга укуктуу болгон бардык алдын ала шарттар (ушул Макулдашуунун юридикалык күчүнөн тышкары) аткарылган; жана (iv) ИӨБ насыясы ИӨБ аталган насыясына ылайык жарандык курулуш боюнча иштерди аткарууга биринчи контрактка кол койгондон кийин күчүнө кирет. 5-берене. Аракетти токтотуу, жокко чыгаруу жана бузуу
5.1. Банк эгерде 2.2 беренеге ылайык жана анда каралган артыкчылыктарды эске алуу менен, Алуучуну кабарлагандан кийин ушул Макулдашууну жана Тараптардын бардык милдеттенмелерин токтото алат:
(i) эгерде Банк бул мезгилди узартуу чечимин кабыл албаса, ушул Макулдашууга кол коюу датасынан кийин 180 (жук сексен) күн аралыгында Макулдашуунун күчүнө кирүү датасы башталбаса; же (ii) Алуучу эгерде Банк бул мезгилди узартуу чечимин кабыл албаса, ушул Макулдашууга кол коюу датасынан кийин 180 (жүз сексен) күн аралыгында Зайым каражаттарынын Биринчи төлөмүнө өтүнмөнү бербесе.
5.2. Жалпы шарттардын VI беренесинин жоболоруна толуктоо менен, эгерде Долбоорду ишке ашыруунун каалаган учурунда, анын ичинде сатып алууну же ушул Макулдашууга ылайык түзүлгөн башка контрактты аткаруу учурунда, Банк кандайдыр бир жак же уюм санкцияга кабылган ишмердикке тартылганын аныктаса, ал эми Алуучу мындай кырдаалды оңдоо боюнча же практиканын мындай ордун жоюу боюнча эч кандай өз убагындагы жана тийиштүү чараларды көрбөсө, Банк Алуучу ти кабарлагандан кийин, Насыяны же анын каалаган бөлүгүнүн төлөмүн токтотуп жана/же жокко чыгара алат.
6-берене. Долбоорду аткаруу
6.1. Алуучу тин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаменти Аткаруучу агенттик болуп саналат.
6.2. Долбоорду ишке ашыруу күчүнө кирген датадан кийин (5 (беш) жыл) аралыгында аяктайт.
6.3. Алуучу милдеттенет:
(i) Банк тарабынан бекитилген бюджетке, пландарга жана Долбоорго тиешелүү, Банк тарабынан жактырылган өзгөчөлүктөргө ылайык, квалификациялуу жана тажрыйбалуу жетекчиликтин байкоосу астында акылга сыярлык административдик, финансылык, техникалык жана экономикалык практикага ылайык тийиштүү ынта коюу жана натыйжалуулук менен Аткаруучу агенттик аркылуу Долбоорду ишке ашыруу жана анын бардык операцияларын жана иштерин өткөрүү; (ii) Долбоор боюнча товарларды берүүчү же иштерди жана/же кызматтарды аткаруучу бардык подрядчылар жана консультанттар Долбоор боюнча өзүнүн ишин тийиштүү ынта коюу жана натыйжалуулук менен жана Банкты канааттандыруучу, акылга сыярлык техникалык, экономикалык, финансылык, башкаруучулук, экологиялык жана социалдык стандарттарга жана практикага, анын ичинде Алуучу колдонгон бардык коррупцияга каршы колдонмолордун жоболоруна ылайык жүргүзгөн иштин абалын камсыздоо же уюштуруу; (iii) Аткаруучу Агенттиктин формасы жана мазмуну боюнча Банкты канааттандыруучу эрежелерге жана жоболорго ылайык иштөөсүн жана Долбоорду ынта коюу жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, башкаруудагы жана администрациядагы ыйгарым укуктарга, дараметке ээ болуусун камсыздоочу тийиштүү чараларды көрүү; (iv) Банк негиздүү сурашы мүмкүн болгон деталдаштыруу менен, долбоордун бюджетиндеги, пландарындагы жана өзгөчөлүктөрүндөгү бардык каралган маанилүү өзгөрүүлөрдү, ошондой эле Долбоорду аткаруу менен байланыштуу кызматтарды көрсөтүүгө же товарларды сатып алууга карата бардык контракттагы олуттуу өзгөрүүлөрдү Банкка бекитүүгө берүү. (v) Насыянын каражаттарын Банк Алуучунун же башка Насыя каражаттарын алуучунун өкүлдөрү санкцияга кабыла турган ишмердик менен алектенгенин аныктаган, чыгымдарды каржылоо үчүн пайдаланылбаганын, ал эми Алуучу мындай ишмердикти жоюу боюнча банк үчүн алгылыктуу эч кандай өз убагындагы жана тийиштүү чараларды көрбөгөнүн камсыздоо. 7-берене. Күбөлөндүрүү Алуучу күбөлөндүрөт, (i) мамлекеттик органдардан бардык уруксаттар жана уруксат берүү үчүн керектүү болгон же аракеттер же Макулдашууда каралган милдеттенмелерди бардык аракеттерди мажбурлап камсыздоо үчүн талап кылынган аракеттер, алынганын же аткарылганын, жана мыйзамдуу болуп саналаарын жана толук күчүнө жана аракетинде калаарын; (ii) Кыргыз Республикасынын ушул Макулдашууга кол коюу датасына карата колдонуудагы мыйзамына ылайык, Банк ушул Макулдашуу боюнча Алуучуга коюучу бардык талаптар, кеминде, Алуучунун карызына байланыштуу, насыяны камсыздоону албаган, бардык башка насыя берүүчүлөрдүн талаптары менен тең абалда турат; жана (iii) тышкы карызды тейлөө үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн, кызыкдар бөлүм же ведомство Насыянын негизги суммасын жана тейлөө үчүн акыны белгиленген мөөнөттөрдө төлөп берүү көрсөтмөсүн алды. 8-берене. Өзгөчө шарттар
8.1. Алуучу өз убагында, зарылдыгына жараша бардык каражаттарды берет, ага Банк үчүн алгылыктуу шарттарда Долбоорду ишке ашыруу үчүн керек болгон жергиликтүү валютадагы чыгымдар үчүн керектүү суммалар кирет. Мурунку статьяларга зыян келтирүүсүз Алуучу аны аяктагандан кийин долбоорду тийиштүү эксплуатациялоо жана тейлөө үчүн зарыл каражаттарды өзүнүн менчик каражаттарынын эсебинен камсыз кылууга милдеттенет.
8.2. Банк башканы макулдашкан учурлардан тышкары, жана Сатып алуулар боюнча Колдонмону аткаруу шарттары аткарылган шартта Алуучу /Насыянын каражаттарынан каржылануучу/ товарларды жана кызматтарды сатып алууга келишимдерди төмөнкүдөй жол менен ыйгарат:
(i) Жарандык курулуш иштери: А Компоненти боюнча жарандык курулуш иштерин сатып алууга Банктын өлкө-катышуучуларынын катышуусун чектеген эл аралык сынактык тооруктар: Сарымсак сугат системасын реконструкциялоо. (ii) Эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн механизмдер жана жабдуу: Эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн механизмдерди жана жабдууларды сатып алууга улуттук сынактык тооруктар; (iii) ОУП/ОРП үчүн кеңсе эмереги: кеңсе эмерегин жана ОУП/ОРП оңдоо үчүн, МТ-жабдуусун жана транспорт каражаттарын эркин соодадан улуттук сатып алуулар; (iv) Көзөмөлдөө боюнча консультант: көзөмөлдөө консультанты иретинде ИӨБ өлкө-мүчөлөрдүн арасынан талапкерлердин акыркы кыска тизмесин түзүү; (v) Финансылык аудитор: Финансылык аудиторлорду жалдоо үчүн улуттук фирмалардын арасынан акыркы кыска тизмени түзүү; (vi) ОУП/ОРП персоналы: ОУП/ОРП үчүн персоналды тандоо ар бир позицияга жок дегенде үч жергиликтүү серепчинин квалификациясын салыштыруу аркылуу жүзөгө ашырылат. (vii) Потенциалды өнүктүрүү боюнча компонент: Потенциалды өнүктүрүү боюнча компонент ИӨБ кайта байланыш Программасын колдоо менен жүзөгө ашырылат. ИӨБ өлкө мүчөлөрдүн арасынан тийиштүү уюмдардын тизмесин даярдайт. Карыз алуучу, андан (vii) кийин уюмдардын тармагына баалоо жүргүзөт жана компетенттүү жана талаптарга ылайык келген уюмду тандайт. Тандалган уюм потенциалды өнүктүрүүгө байланыштуу кызматтарды көрсөтөт; (viii) Потенциалды өнүктүрүү боюнча компонентке байланыштуу жумуштар жана товарлар: Потенциалды өнүктүрүү боюнча компонентке тийиштүү жумуштарды жана товарларды эркин соодадан улуттук же эл аралык сатып алуулар.
8.3. Алуучу берүүгө Банктын алдын ала макулдугун алат:
(i) баасы 150000,00 ИД (жүз элүү миң Ислам динарларына) тең суммадан ашкан товарларга жана жумуштарга кандай болбосун келишимди; жана (ii) консультациялык кызматтарга бардык келишимдерди.
8.4. Ушул Келишим боюнча кандай болбосун башка милдеттенмелерди чектөөсүз, Алуучу келишимди ишке ашыруу мезгилин кандай болбосун узартууну кошо алганда Долбоорду аткарууга байланыштуу кызматтарды же товарларды сатып алууга кайсы-бир келишимдин бардык олуттуу өзгөрүүлөрү боюнча өз сын пикирлерин берүү үчүн Банкка жөндүү убакыт мезгилин берет.
8.5. Алуучу коррупция жана алдамчылык менен күрөш тууралуу Банк үчүн алгылыктуу жоболорду бардык тендердик документтерге жана контракттарга, анын ичинде Долбоорго тийиштүү бөлүгүндө аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктерге жана бардык жалданма, жеткирүүчү уюмдарга, консультанттарга жана кызматтардын башка провайдерлерине аудит жүргүзүүгө жана алардын учеттук документациясын жана счетторун текшерүүгө Банктын укугун аныктаган жоболорду камсыз кылат же киргизүүнү камсыз кылуу тууралуу тескеме берет.
8.6. Алуучу Банк мезгил-мезгили менен сураштырган деталдаштыруу менен, Банкка кечиктирилгис түрдө бекитилген изилдөөлөрдү, пландарды жана спецификацияларды, аны аткаруу графигин жана аларда кийин жасалган кандай болбосун олуттуу өзгөрүүлөрдү берет.
8.7. Алуучу төмөнкүлөр үчүн тийиштүү учеттук документацияны белгилейт жана жүргүзөт:
(i) Насыя суммасынын каражаттарынын эсебинен каржылануучу товарларды жана/же кызматтарды аныктоо жана алардын Долбоордо колдонулушун ачып көрсөтүү; (ii) Долбоорду ишке ашырууда прогрессти каттоо; жана (iii) финансылык эсептин жалпы кабыл алынган тажрыйбасына ылайык Аткаруу агенттигинин операцияларын жана финансылык абалын чагылдыруу.
8.8. Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде жана ал боюнча бардык милдеттенмелер аткарылганга чейин Алуучу Банктын аккредитацияланган өкүлдөрү үчүн иш-сапарларды аткарууга жана Долбоорду, товарларды жана аларга байланыштуу кандай болбосун учеттук жазууларды жана документтерди текшерүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт; ошондой эле Банкка Банк негиздүү түрдө Насыя каражаттарынын сарпталышы, Долбоор, товарлар жана операциялар жана Аткаруу агенттигинин финансылык абалы тууралуу сураган бардык маалыматты берет.
8.9. Алуучу Банк тарабынан каржылануучу бардык товарларды жана жумуштарды, Банк үчүн алгылыктуу ишенимдүү камсыздандыруу компаниялары тарабынан камсыздандырууга же камсыздандыруу тууралуу буйрук берүүгө милдеттүү. Мындай камсыздандыруу сатып алууга жана товарларды Алуучунун аймагына алып келүүгө жана Долбоордун участогуна жеткирүүгө байланыштуу деңиз, транзиттик жана башка тобокелдиктерди төлөөгө тийиш. Камсыздандыруу суммалары акылга сыярлык коммерциялык тажрыйбага шайкеш келиши керек. Мындай камсыздандыруу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт, ошол эле учурда камсыздандыруу боюнча төлөп берүү келишимдин валютасында же Сатып алуулар боюнча колдонмого ылайык эркин конвертациялануучу валютада жүргүзүлөт.
8.10. Алуучу зарылдыгына жараша, Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн керек болгон бардык жер участокторун жана аларга болгон укуктарды берүү үчүн чараларды көрөт, жана сурамы боюнча Банкка мындай жерлер жана укуктар Долбоорго байланыштуу максаттар үчүн жеткиликтүү экенин далилдеген Банк үчүн алгылыктуу документтерди тапшырат.
8.11. Алуучу Аткаруучу агенттик Долбоорду аткара алышы үчүн ал тараптан зарыл болгон бардык чараларды көрөт, жана Долбоорду ишке ашырууга же эксплуатациялоого же ушул Макулдашуу боюнча кандай болбосун милдеттенмелерди аткарууга кедерги же тоскоол болуучу кандайдыр-бир аракеттерди жасабайт же жасоого мүмкүндүк бербейт.
8.12. Эгерде Банк башка чечимди кабыл албаса, Алуучу Банк тарабынан Алуучуга берилген бардык документтерди, корреспонденцияны жана маалыматты жашыруун катары карайт.
8.13. Банк тарабынан Долбоорду каржылоого байланыштуу бардык салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү Алуучу төлөйт.
8.14. Алуучу Долбоор үчүн каржылоодогу тартыштыкка жол бербейт жана каражаттардын ашыра сарпталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
8.15. Башка чаралар менен катар, Алуучу Банктын долбоорду ишке ашырууга катышуусун таанууну төмөнкү фразаны бардык жабдууга жана документтерге түшүрүлгөн белгилөө жана аны Долбоорду ишке ашыруу жеринде колдонулуучу жана түшүнүлүүчү бардык тилдерге которуу жолу менен камсыз кылат:
"Долбоор Ислам өнүктүрүү банкы жана Өнүктүрүү максатында тилектештик ислам фонду тарабынан каржыланат" 9-берене. Отчеттор
9.1. Насыя каражаттарын Долбоордун максаттарына жетүү үчүн пайдаланууну камсыздоо үчүн, Тараптар толук көлөмдө кызматташат жана маалымат алмашат. Бул үчүн ар бир Тарап башка тарапка ал Насыянын жана Долбоордун жалпы абалына байланыштуу негиздүү сураган бардык маалыматты берет. Алуучу тарабынан мындай маалымат финансылык жана экономикалык шарттар, анын ичинде Алуучунун төлөм балансы жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
9.2. (i) Алуучу Банктын талаптарына ылайык төмөндөгү отчетторду алар үчүн белгиленген мөөнөттөрдө Банкка берет же берүүнү камсыздайт:
(a) ар бир квартал аяктагандан кийин 30 (отуз) күндүн аралыгында же Тараптар макулдаша турган мезгил аралыгында, банк мезгил-мезгили менен көрсөтө турган форматта Долбоорду аткаруу жөнүндө отчет; (b) Банк Насыя каражаттарын пайдалануу жана Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө негиздүү сурашы мүмкүн болгон бардык башка отчеттор; (c) Долбоорду аяктагандан кийин дароо, бирок бардык учурда Жабуу датасынан кийин 180 (жүз сексен) күн аралыгынан же бул максаттар үчүн Алуучу жана Банк өз ара макулдаша турган кийинки датадан кеч эмес, Алуучу банк негиздүү сурай турган көлөмдө жана деталдаштыруу менен, Долбоорду аяктоо жөнүндө, Долбоорду аткаруу жана баштапкы пайдалануу жөнүндө отчетту даярдайт жана Банкка берет. (ii) Ушул Бөлүмдө сүрөттөлгөн документтер Банк негиздүү талап кылышы мүмкүн болгон тартипте Банктын кароосу боюнча күбөлөндүрүлөт. 10-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
10.1. Ушул Макулдашууда келип чыгуучу же аны менен байланыштуу талаштар, анын ичинде анын болушуна, аракетине же токтотууга тиешелүү бардык маселе, ошондой эле ушул Макулдашуудан келип чыгуучу, Тараптардын бири башка Тарапка кабарлоону тапшыргандан кийин 30 (отуз) күн аралыгында Тараптар ортосундагы макулдашуу боюнча жөнгө салууга болбогон, Тараптардын бири башка Тарапка каршы коюучу талап пайда болгон учурда, Эл аралык жөнгө салуу жана арбитраж ислам борборунун (IICRA), Дубай, Бириккен Араб Эмираттары, эрежелерине жана процедураларына ылайык акыркы жана милдеттүү чечим кабыл алуу үчүн арбитраждык комиссиянын кароосуна беришет. IICRA арбитраждык эрежелери жана жоболору ушул Макулдашуунун Тараптарынын ортосундагы талаштарды чечүүнүн башка процедурасын же Макулдашуудан келип чыгуучу, бир Тарап башка Тарапка коюучу бардык доону алмаштырат.
10.2. Эгерде чыгарылган чечимдин нускасы Тараптарга тапшырылгандан кийин 30 (отуз) күн аралыгында чечим аткарылбаса, анда каалаган Тарап чечимди мажбурлап аткаруу үчүн, башка Тарапка каршы чечим чыгаруу же териштирүүнү козгоо үчүн компетенттүү юрисдикциядагы каалаган сотко кайрыла алат, чечимди же ушул Макулдашуунун жоболорун мажбурлап аткаруу максатында башка Тарапка каршы башка тийиштүү укуктук коргоо каражаты менен мындай чечимди аткарууга келтирип же кайрыла алат.
10.3. Ушул Макулдашуунун ар бир Тарабы ушул Макулдашуу боюнча ага каршы кабыл алынган бардык чечим каалаган юрисдикцияда анын каражаттарына (активдерине) каршы аткарылышы мүмкүн. Тараптар муну менен арбитраждык комиссиянын чечимин мажбурлап аткаруудан келип чыгуучу бардык доого, аракеттерге же териштирүүгө каршы же аларга байланыштуу ушул Макулдашуу боюнча алар каражаттары (активдери) бар, каалаган юрисдикцияда талап кылган бардык каршылыктан баш тартышат жана Тараптар муну менен каалаган юрисдикцияда талап кылынган бардык ушундай доо, аракет же териштирүү бардык ыңгайсыз сотто берилген, бардык талаптардан баш тартышат.
10.4. Банк каалаган юрисдикцияда өзү үчүн же өзүнүн активдери үчүн талап кылышы мүмкүн болгон деңгээлде доого каршы иммунитет, чечимди, камакка алууну (арбитраждык же соттук чечимге чейин аткаруу боюнча чара катары же кандайдыр бир башка негизде) же башка соттук процессти аткаруу, же бардык башка юрисдикцияда мындай иммунитет ага карата же анын активдерине карата колдонулушу мүмкүн болгон ченемде (иммунитет үчүн кайрылганынан же кайрылбаганынан көз карандысыз), Алуучу муну менен талап койбоого жана муну менен мындай иммунитеттен баш тартууга макул болот.
11-берене. Жөнгө салуу жана билдирүү
11.1. Алуучу муну менен Жалпы шарттардын 10.03 бөлүгүн ишке ашыруу максаттары үчүн жана ушул Макулдашууга ылайык пайда болуучу бардык маселелер боюнча жана чектөөлөрсүз бардык мамилелерде өзүнүн Финансы министрлигин Алуучунун ыйгарым укуктуу өкүлү (Алуучунун өкүлү) катары дайындайт; ага ылайык, Алуучунун Өкүлү аткарышы керек:
(i) Банк менен түз иш жүргүзүү; (ii) ушул Макулдашууга ылайык Алуучуга жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруу үчүн түз жоопкерчилик тартуу; (iii) ушул Макулдашууну аткарууга тиешелүү бардык маселелер боюнча банк менен ал алмашкан билдирүүлөр үчүн түз жоопкерчилик тартуу; жана (iv) аракеттерди жана кызматташтыкты талаптагыдай жана натыйжалуу координациялоону ишке ашыруу, ошондой эле Алуучунун жана Аткаруучу агенттиктин Макулдашуу боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткаруусун камсыздоо.
11.2. Алуучу Банкка жазуу түрүндө кабарлоо жөнөтүү менен, ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн өзүнүн Өкүлүн алмаштыра алат.
11.3. Ушул Макулдашуунун алкагында жана Жалпы шарттардын 10.01 бөлүмүндө каралган максаттарга жетүү үчүн жөнөтүлгөн же жасалган бардык кабарлоо, суроо-талап, макулдук, ырастоо же башка билдирүү жазуу түрүндө таризделиши керек жана колдон колго жеткирилгенде, авиапочта менен жөнөтүлгөн, таанылган курьердик кызмат аркылуу жеткирилгенде же Тарапка төмөндө көрсөтүлгөн тараптын дарегине же мындай кабарлоо, суроо-талап же билдирүү жөнөтүлгөн Тарапка кабарлоодо көрсөтүлгөн бул Тараптын ал кабарлоодо көрсөткөн дарегине факс боюнча жөнөтүүдө талаптагыдай түрдө тапшырылган катары эсептелет.
Алуучу үчүн: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, 720040 Бишкек, Эркиндик пр., 58 Тел.: +996 312 66 12 27 Факс: +996 312 66 16 45 Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Суу чарба жана мелиорация департаменти Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары Токтоналиев көч., 4/А Тел.: +996 312 54 90 95 Факс: +996 312 54 90 94 Банк үчүн: Сауд Арабия Королдугу Джидда-22332-2444 Аль Нузлах Аль Яманиа району Король Халид көч., 8111, 1-кеңсе Тел.: +966 12 636 1400 Факс: +966 12 6366871 E-mail: archives@isdb.org 12-берене. Башка маалыматтар
12.1. Преамбула жана тиркемелер ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
12.2. Ушул Макулдашуу, анын ичинде бардык өзгөртүүлөр, бир нече нускада таризделиши мүмкүн, алар бардык учурда бирдиктүү макулдашууну түшүндүрөт. Ушул Макулдашуунун көчүрмөлөрү алардын түп нускалары сыяктуу эле, бирдей деңгээлде милдеттүү болуп саналат, ал эми факс боюнча жөнөтүлгөн же сканирленген жана электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн нускаларындагы колдор Макулдашууну тариздөөнүн жетиштүү далили болуп саналат, бирок Тараптар кол коюлган документтердин түп нускаларын берүүнү талап кыла алышат.
12.3. Ушул Макулдашуу макулдашуунун бүтүндөй толук түшүндүрөт жана Макулдашуунун предметине байланыштуу бардык мурдагы оозеки же жазуу түрүндөгү макулдашууну же Тараптар ортосундагы кат алышууну алмаштырат. Ушул Макулдашуунун жоболору эгерде кайсы бир жобо жараксыз, мыйзамсыз же мажбурлап аткарууга болбогон болуп саналаары аныкталса, бөлүнмө жоболор болуп саналат, анда бул башка жоболорунун жарактуулугуна, түзүмүнө же мажбурлап аткарууга таасирин тийгизбейт.
12.4. Ушул Макулдашууга оңдоолор Тараптардын жазуу түрүндөгү макулдугунун негизинде гана киргизилиши мүмкүн.
12.5 Ушул Макулдашуунун бардык максаттары үчүн ушул Макулдашуунун датасы Преамбулада көрсөтүлгөн дата болуп саналат.
[МАКУЛДАШУУНУН БЕРЕНЕЛЕРИНИН СОҢУ] Кол коюу барагы Муну күбөлөндүрүү менен Тараптар, өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу, ушул Макулдашууга жогоруда көрсөтүлгөн датада кол коюшту. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ҮЧҮН ЖАНА АНЫН АТЫНАН ___________________________________ (***)
ИСЛАМ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ ҮЧҮН ЖАНА АНЫН АТЫНАН ___________________________________ (***)
I тиркеме 1 тиркеме Долбоорду баяндоо
1. Долбоордун өнүктүрүү максаттары:
Долбордун негизги максаты - айылдык коомдоштуктардын жашоо шарттарын жакшыртуу, жакырчылыктын деңгээлин азайтуу, улуттук азык-түлүк коопсуздугу ишине салым кошуу жана региондук экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү. Долбоор "Сарымсак" ирригациялык тутумун кайра конструкциялоо жана модернизациялоо аркылуу 1685 га сугат жерин суу менен камсыздоону жакшыртуу жана 1918 га аянтта жаңы сугат жерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында иштелип чыккан.
2. Долбоордун жайгашкан жери:
Долбоор Кыргыз Республикасынын Талас областынын Карабура районунда жайгашкан.
3. Долбоордун курамы:
Долбоор төмөндөгү жети компоненттен турат: А: Жарандык курулуш боюнча иштер: "Сарымсак" ирригациялык тутумун кайра конструкциялоо, ал төмөндөгү эки негизги под-компонентти камтыйт:
А.1. "Сарымсак" магистралдык ирригациялык тутумун кайра конструкциялоо: (i) каналдын колдонуудагы участогун оңдоодон жана реабилитациялоодон (4,2 км), (ii) жалпы узундугу 11,5 км жаңы параллелдүү бетон каналды куруудан, жана (iii) жаңы кошумча жер аянтын сугаруу үчүн 6,6 кмге каналды узартуудан турат. Долбоордун көлөмү магистралдык каналдын боюнда жайгашкан курулмаларды реабилитациялоону жана курууну камтыйт;
A.2. Ирригациялык жана дренаждык тармактарды кайра конструкциялоо: (i) 1685 га аянттагы колдонуудагы ирригациялык жана дренаждык тармактарды оңдоодон жана реабилитациялоодон, анын ичинде тийиштүү курулмалардан жана жерди пландоодон жана (ii) 1918 га аянтындагы жаңы жердеги ирригация үчүн жаңы ирригациялык жана дренаждык бөлүштүрүү тармактарын куруудан турат. Долбоордун көлөмү гидравликалык курулмаларды реабилитациялоону жана курууну жана жерди пландоону камтыйт.
B. Пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн механизмдерди жана жабдууларды жеткирүү: Компонент "Сарымсак" магистралдык ирригациялык каналын жана аны менен байланыштуу курулмаларды натыйжалуу пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн жергиликтүү суу чарба органдарына механизмдерди жана жабдууларды жеткирүүнү карайт. Негизги механизмдер камтыйт: экскаватор, бульдозер, самосвал, жүктөгүч, транспорттук каражат, жүктөөчү-түшүрүүчү кран жана чиркегичи бар трактор. Жабдуу камтыйт: электрондук тахометр жана кыймылдуу бетон аралаштыргыч.
C. Суу чарба объекттерин башкаруу дараметин өстүрүү: суу чарбаларын жана суу пайдалануучуларды башкаруу органдарынын дараметин өстүрүү боюнча ишмердикти жүргүзгөндөн кийин керектөөлөрдү комплекстүү баалаган соң деталдуу ишмердик аныкталат:
(i) Демонстрациялык участок: Сууну сактоочу технологияларды киргизүү, анын ичинде 150 га жер аянтына тамчылатып сугаруунун жаңы ирригациялык тутумун куруу үчүн пилоттук деңгээлдеги демонстрациялык участокту уюштуруу. Тутумду туруктуу пайдалануу үчүн күн батареясынан өткөргүчү менен кырсоргуч сыяктуу, энергияны үнөмдөчү тутум каралат; (ii) Ченөөчү жабдуу: Сууну бөлүштүрүү жана сууну пайдалануу боюнча натыйжалуу контроль жана отчеттуулук үчүн суу жана кыртыш/жер үчүн ченөөчү жабдууларды жеткирүү; (i) Окутуу: Жеринде суу пайдалануучуларды жана суу чарбасын башкаруу органдарын суу чарбасын жана дерди башкаруунун натыйжалуу методдорун колдонуу боюнча окутуу, ирригациялык практиканын заманбап методдору менен таанышуу боюнча өлкөнүн чегинен тышкары окууну уюштуруу; (ii) Кеңири масштабдагы тажрыйба: ИӨБ башка мүчө-өлкөлөрүндөгү эксперттик билимдин негизинде региондо кеңири масштабда тажрыйбаны колдонуу, анын ичинде финансылык, техникалык талдоону жана заманбап ирригациялык технологияларды көрсөтүү жана дренаждык курулмаларды башкаруу. Талдоо ИӨБ мүчө-өлкөлөрүнөн чыккан эксперттер жана Кыргыз Республикасынын эксперттери менен биргеликте өткөрүлөт, бул ар тараптуу инвестициялык долбоордук документти иштеп чыгууга алып келет.
D. Консультациялык кызматтар: компонент долбоорду ишке ашырууну колдоо үчүн төмөндөгү консультациялык кызматтарды карайт:
D.1. Деталдуу техникалык долбоорлоо: Ирригациялык тутумду жарандык куруу боюнча иштерди деталдуу техникалык долбоорлоону иштеп чыгуу, анын ичинде аны менен байланышуу изилдөөлөр жана сүрөткө тартуулар;
D.2. Курулуш иштерин аткарууга көзөмөл: Бул кызмат камтыйт: (а) деталдуу техникалык долбоорду текшерүүнү жана жаңылоону/бекитүүнү, (b) тендердик документтерди даярдоону жана иштерди сатып алууларды коштоону жана (с) курулуш көзөмөлү. Консультанттын милдети долбоордун мониторинги жана таасирин баалоо үчүн базалык тутумду орнотуу үчүн, долбоордун зонасында аткарыла турган курчап турган чөйрөгө таасирин баалоону жана социалдык-экономикалык негиздемени камтыйт.
E. Долбоорду башкарууда колдоо көрсөтүү: Компонент Долбоор боюнча ишмердикти күнүмдүк координациялоо үчүн Бишкекте Долбоорду башкаруу бөлүмүн (ДББ) жана Карабура районунда Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн (ДИБ) түзүүнү карайт. Компонент Долбоорду ишке ашыруунун бүтүндөй аралыгындагы ДББ/ДИБ тийиштүү чыгымдарын каржылоону камтыйт (персоналдык маянасы, ИТ-жабдуу, кеңсе эмереги жана оңдоо, транспорт каражаттары, операциялык чыгымдар, жарнамага чыгымдар жана башка чыгымдар).
F. Финансылык аудит боюнча кызматтар: аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык Долбоордун финансылык аудитин аткаруу.
G. Баштапкы семинар жана таанышуу сапары: Аткаруучу агенттикти жана ДББ/ДИБ ИӨБ процедуралары менен Тааныштыруу үчүн долбоор боюнча баштапкы семинарды уюштуруу, анын аркасында долбоордун командасынын ИӨБ штаб-квартирасына таанышуу сапары болот.
1. Долбоорду ишке ашыруу боюнча уюштуруу иш-чаралары:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарбасы жана мелиорация департаменти Долбоордун Аткаруучу агенттиги болуп саналат, ал долбоорду негизинен өзүнүн бөлүмү - Долбоорду аткаруучу агенттик катары иштеген, Суу чарба объекттерин куруу боюнча дирекция аркылуу долбоорду ишке ашырат. ДББ Долбоорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу/ишке ашыруучу агенттиктерди колдоо үчүн Бишкекте түзүлөт. Региондук ДББ объектте Долбоор боюнча ишмердикти күнүмдүк координациялоо үчүн түзүлөт жана Карабуура районунда жайгашат. Дараметти өстүрүү компоненти ИӨБ Кайра байланыш программасы аркылуу ишке ашырылат. ИӨБ ылайыктуу техникалык өнөктөштү ИӨБ мүчө-өлкөлөрүнүн ичинен тандоону координациялайт жана компонент боюнча деталдуу ишмердикти иштеп чыгуу үчүн, бардык керектүү диагностикалык изилдөөлөрдү жана керектөөлөрдү баалоону (отчет) аткарууну колдойт. Бул жыйынтыктар отчетто чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасындагы кызыкдар органдар, кызмат көрсөтүүчү уюм жана ИӨБ менен макулдашылат. Отчет бюджет жана долбоор боюнча көрүлүүчү дараметти өнүктүрүү үчүн ишмердиктин масштабы үчүн негизди түшүндүрөт. Мындай уюм кийин отчетто каралгандай, дараметти өстүрүү боюнча компонентти аткарат.
II тиркеме Графиктер
А графиги Насыянын негизги суммасын төлөө (ИӨБ насыя)
Номер
Дата
Сумма (ИД)
1
31/12/2022
203333
2
30/06/2023
203333
3
31/12/2023
203333
4
30/06/2024
203333
5
31/12/2024
203333
6
30/06/2025
203333
7
31/12/2025
203333
8
30/06/2026
203333
9
31/12/2026
203333
10
30/06/2027
203333
11
31/12/2027
203333
12
30/06/2028
203333
13
31/12/2028
203333
14
30/06/2029
203333
15
31/12/2029
203333
16
30/06/2030
203333
17
31/12/2030
203333
18
30/06/2031
203333
19
31/12/2031
203333
20
30/06/2032
203333
21
31/12/2032
203333
22
30/06/2033
203333
23
31/12/2033
203333
24
30/06/2034
203333
25
31/12/2034
203333
26
30/06/2035
203333
27
31/12/2035
203333
28
30/06/2036
203333
29
31/12/2036
203333
30
30/06/2037
203333
31
31/12/2037
203333
32
30/06/2038
203333
33
31/12/2038
203333
34
30/06/2039
203333
35
31/12/2039
203333
36
30/06/2040
203333
Бардыгы:
7 320 000
В графиги Насыянын негизги суммасын төлөө (ӨМТИФ насыя)
Номер
Дата
Сумма (АКШ долл.)
1
31/12/2025
75000
2
30/06/2026
75000
3
31/12/2026
75000
4
30/06/2027
75000
5
31/12/2027
75000
6
30/06/2028
75000
7
31/12/2028
75000
8
30/06/2029
75000
9
31/12/2029
75000
10
30/06/2030
75000
11
31/12/2030
75000
12
30/06/2031
75000
13
31/12/2031
75000
14
30/06/2032
75000
15
31/12/2032
75000
16
30/06/2033
75000
17
31/12/2033
75000
18
30/06/2034
75000
19
31/12/2034
75000
20
30/06/2035
75000
21
31/12/2035
75000
22
30/06/2036
75000
23
31/12/2036
75000
24
30/06/2037
75000
25
31/12/2037
75000
26
30/06/2038
75000
27
31/12/2038
75000
28
30/06/2039
75000
29
31/12/2039
75000
30
30/06/2040
75000
31
31/12/2040
75000
32
30/06/2041
75000
33
31/12/2041
75000
34
30/06/2042
75000
35
31/12/2042
75000
36
30/06/2043
75000
37
31/12/2043
75000
38
30/06/2044
75000
39
31/12/2044
75000
40
30/06/2045
75000
Бардыгы:
3 000 000
С Графиги Насыяны тейлөө үчүн төлөө (ИӨБ насыя)
Номер
Дата
Сумма (ИД)
1
31/12/2015
12942
2
30/06/2016
12942
3
31/12/2016
25884
4
30/06/2017
25884
5
31/12/2017
25884
6
30/06/2018
25884
7
31/12/2018
25884
8
30/06/2019
25884
9
31/12/2019
25884
10
30/06/2020
25884
11
31/12/2020
25884
12
30/06/2021
25884
13
31/12/2021
36237
14
30/06/2022
36237
15
31/12/2022
36237
16
30/06/2023
36237
17
31/12/2023
36237
18
30/06/2024
36237
19
31/12/2024
36237
20
30/06/2025
36237
21
31/12/2025
36237
22
30/06/2026
36237
Бардыгы:
647 088
D графиги Насыяны тейлөө үчүн төлөө (ӨМТИФ насыя)
Номер
Дата
Сумма (АКШ долл.)
1
31/12/2015
5304
2
30/06/2016
5304
3
31/12/2016
10608
4
30/06/2017
10608
5
31/12/2017
10608
6
30/06/2018
10608
7
31/12/2018
10608
8
30/06/2019
10608
9
31/12/2019
10608
10
30/06/2020
10608
И
31/12/2020
10608
12
30/06/2021
10608
13
31/12/2021
14851
14
30/06/2022
14851
15
31/12/2022
14851
16
30/06/2023
14851
17
31/12/2023
14851
18
30/06/2024
14851
19
31/12/2024
14851
20
30/06/2025
14851
21
31/12/2025
14851
22
30/06/2026
14851
Бардыгы:
265 200
Е графиги Насыя каражаттарын алуу (млн. АКШ долл.)
№
Долбоордун Компоненттери
ӨМТИФ (насыя)
ИӨР (насыя)
ИӨР - бардыгы
Өкмөт
Жалпы баасы
сумма
сумма
сумма
%
сумма
%
А
Жарандык курулуш: ирригационной системы Сарымсак сугат системасын реконструкциялоо
-
9,32
9,32
-
2,50
-
11,82
А.1
Сарымсак магистралдык сугат каналын реконструкциялоо
-
3,77
3,77
60%
2,50
40%
6,27
А.2
Сугат жана дренаж түйүндөрүн реконструкциялоо
-
5,55
5,55
100%
-
-
5,55
В
Пайдалануу жана техтейлөө үчүн механизмдерди жана жабдууларды жеткирүү
0,50
-
0,50
100%
-
-
0,50
С
Суу чарбасын башкаруу органдарынын потенциалын өнүктүрүү
0,65
-
0,65
100%
-
-
0,65
D
Консультациялык кызматтар
1,00
-
1,00
75%
0,33
25%
1,33
D.1
Деталдуу техникалык долбоорлоо
-
-
-
-
0,33
100%
0,33
D.2
Курулушка көзөмөл жүргүзүү
1,00
-
1,00
100%
-
-
1,00
Е
Долбоорду башкарууну колдоо
0,48
-
0,48
100%
-
-
0,48
F
Финансылык аудит боюнча кызматтар
0,06
-
0,06
100%
-
-
0,06
G
Баштоочу семинар/тааныштыруу иш сапары
0,03
-
0,03
100%
-
-
0,03
Негизги баасы
2,72
9,32
12,05
-
2,83
-
14,88
Материалдык чыгымдар
0,14
0,47
0,60
-
0,14
-
0,74
Баалар көтөрүлүп кеткен учурга резерв
0,14
0,47
0,60
-
0,14
-
0,74
Бардыгы
3,00
10,25
13,25
81%
3,12
19%
16,37
III тиркеме Юридикалык корутундунун формасы (бланкка түшүрүлүп берилет) Ислам өнүктүрүү банкы,
П.Я 5925, Джидда 21432
Сауд Арабия Королдугу Урматтуу мырзалар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча мага ыйгарылган ыйгарым укуктарга ылайык Кыргыз Республикасынын башкы юридикалык жана/же сот органынын адиси катары мен ушуну менен Кыргыз Республикасы жана Ислам Өнүктүрүү банкы ортосунда түзүлгөн макулдашуу (григориан календары боюнча (___/____/____) ылайык келген (___/____/____) Хиджра боюнча Насыя тууралуу Макулдашуунун 4-беренесине карата өзүнүн атынан жана Өнүктүрүү максатында ислам тилектештик фондусунун администратору катары ("Банк") ("насыя тууралуу макулдашуу") ИӨБ насыя каражаттарынан 7320000,00 ИД (Жети миллион үч жүз жыйырма миң ислам динары), бул болжол менен 10250000,00 АКШ долларына (Он миллион эки жүз элүү миң АКШ доллары) эквиваленттүү; "Сарымсак" ирригациялык тутумун кайра конструкциялоо долбоорун каржылоо тууралуу берилген юридикалык корутунду. Бул Юридикалык корутундунун максаттары үчүн мен төмөнкүлөрдү изилдеп чыктым: (i) Насыя тууралуу макулдашуу; (ii) Насыя тууралуу Макулдашууну түзүүгө жана кол коюуга уруксат берүүчү документ; (iii) Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдары, эрежелери, жоболору, тескемелери, декреттери жана ушуга окшош документтери; (iv) Мен зарыл деп эсептеген башка документтерди, Тийиштүү түрдө мен Кыргыз Республикасынын тапшырмасы боюнча жана атынан кол коюлган Насыя тууралуу Макулдашуу (***): (a) колдонуудагы мамлекеттик жана/же мыйзамдык процедураларга ылайык тийиштүү түрдө кол коюлган, таризделген, тапшырылган жана ратификацияланган; (b) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кайсы бир жобосун, кандай болбосун мыйзамын, эрежесин, жобосун, буйругун же декретин бузбайт; жана (с) көрсөтүлгөн Макулдашууга каралган шарттарга ылайык мажбурлуу түрдө Кыргыз Республикасына каршы колдонулушу мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын юридикалык колдонуудагы жана милдеттендирүүчү милдеттенмелерин көздөйт. Корутунду Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы (___/____/____) Хиджра боюнча (григориан календарына ылайык келген (___/____/____) ТҮЗҮЛДҮ. Урматтоо менен, Колу. Ф.А.Ж. Кызматы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон