# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 409-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы боюнча ипотекалык кредит берүүнүн пайыздык ставкаларын бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 409-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы боюнча ипотекалык кредит берүүнүн пайыздык ставкаларын бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 409-р
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15303/edition/805906/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 409-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы боюнча ипотекалык кредит берүүнүн пайыздык ставкаларын бекитүү тууралуу) буйругу (06.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215403

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 30-сентябры № 409-б (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы № 64-б буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы (мындан ары - Программа) боюнча ипотекалык кредит берүүнүн пайыздык ставкаларын бекитүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Программаны ишке ашыруунун алкагында даяр турак жай сатып алууга ипотекалык кредит берүү боюнча пайыздык ставкалар төмөнкүдөй белгиленсин:

- жылдык 12% - ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 10%дан 20%га чейин төлөөдө же алгачкы төгүмдүн ордуна кошумча күрөөнү берүүдө;

- жылдык 11% - ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 20%дан 30%га чейин төлөөдө;

- жылдык 10% - ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 30%дан тартып төлөөдө.

2. Программаны ишке ашыруунун алкагында жеке турак үйлөрдү курууга ипотекалык кредит берүүнүн пайыздык ставкалары төмөнкүдөй белгиленсин:

- жылдык 14% - жеке турак үй куруу мезгилинде ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү 20%дан тартып төлөөдө;

- жылдык 10% - жеке турак үйдүн курулушу аяктагандан кийин.

3. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна өнөктөш банктар менен бирге берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарын эске алуу менен төмөндөтүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу сунушталсын.

4. Ушул буйрук 2018-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-мартындагы № 64-б буйругунун редакциясына ылайык)

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
