# КР Премьер-министринин 2016-жылдын 24-августундагы № 476 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 28-мартындагы № 144 буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 24-августундагы № 476 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 28-мартындагы № 144 буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 476
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15264/edition/1137124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 24-августундагы № 476 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 28-мартындагы № 144 буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу (13.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215364

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 24-августу № 476 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 28-мартындагы № 144 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:

- алтынчы абзацындагы ", Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары," деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары;";

- он биринчи абзацындагы "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын;

- он үчүнчү абзацы "айыл чарба" деген сөздөрдөн кийин ", тамак-аш өнөр жайы" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;".

Премьер-министр

С.Жээнбеков
