# КР Премьер-министринин 2016-жылдын 18-июлундагы № 391 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 29-июнундагы № 273 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 18-июлундагы № 391 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 29-июнундагы № 273 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 391
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15258/edition/733804/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 18-июлундагы № 391 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 29-июнундагы № 273 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу (01.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215358

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 18-июлу № 391 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 29-июнундагы № 273 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемесинде:

- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Канулькулов Марат Эдильевич

\-

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);";

он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Касымбеков Алмаз Салмоорбекович

\-

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы (макулдашуу боюнча);";

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин ишке ашыруунун иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына Тенизбаев Бектур Алматаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти киргизилсин;

- жумушчу топтун курамынан Н.К.Утемисов чыгарылсын;

- жогоруда аталган буйруктун 3-тиркемесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Калиева Гулбара Утюровна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);";

- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин жана Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексин ишке ашыруунун Иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жана "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун Иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына Естебесов Адыл Жээнбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары киргизилсин;

- "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун Иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына Байзаков Самат Шейшенбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификациялоо секторунун башчысы киргизилсин;

жумушчу топтун курамынан М.И.Усаров чыгарылсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Тиркеме "1-тиркеме Соттук реформаны жүргүзүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруунун Иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ Кызматы боюнча: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелерин тейлеген, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. Координациялык кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңештин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Укуктун үстөмдүгү боюнча ПРООН программасынын кеңешчиси (макулдашуу боюнча). Жекече: Бактыгулов Шерадил Джумадилович - стратегиялык пландоо боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); Мадеюев Ахмат Низамович - стратегиялык пландоо боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).".
