# КР Премьер-министринин 2016-жылдын 11-августундагы № 457 (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин коллегия мүчөлөрүн бекитүү тууралу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 11-августундагы № 457 (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин коллегия мүчөлөрүн бекитүү тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 457
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215356>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15256/edition/1006719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215356.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 11-августундагы № 457 (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин коллегия мүчөлөрүн бекитүү тууралу) буйругу (11.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215356

---

КР Премьер-министринин 2020-жылдын 4-июнундагы № 227 буйрукуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 11-августу № 457 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык:

1. Төмөнкү адамдар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү болуп бекитилсин:

Жусубалиев Азимкан Ильясович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Кубатбеков Чингиз Курманбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Таиров Марат Марикович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;

Бозалаев Керимкул Шаршенович

\-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору;

Бариев Ырыспек Жантаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Бишкек автовокзалы" мамлекеттик ишканасынын генералдык директору;

Чукуев Эмир Майрамбекович

\-

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Тамабаева Нуриля Осмонкуловна

\-

Кыргызстандын Транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин социалдык-экономикалык жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 17-мартындагы № 127 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
