# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-августундагы № 377-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна толуктоо киргизүү тууралу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-августундагы № 377-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна толуктоо киргизүү тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 377-р
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15245/edition/934042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-августундагы № 377-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна толуктоо киргизүү тууралу) буйругу (18.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215345

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 466-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 18-августу № 377-б Ата мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү, экспортту өнүктүрүү жана бюджетке туруктуу салыктык жана бажылык түшүүлөрдү алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынуучу салык салынуучу субъекттердин тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

"Текстиль Транс" ЖЧКсы (Бишкек шаары, ИСН 01712200810168).".

Премьер-министр

С.Жээнбеков
