# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 380-б ("Көчмөндөрдүн II бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалына катышуу үчүн ташылып келген товарларды жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тууралу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 380-б ("Көчмөндөрдүн II бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалына катышуу үчүн ташылып келген товарларды жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 380-р
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15243/edition/733774/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 380-б ("Көчмөндөрдүн II бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалына катышуу үчүн ташылып келген товарларды жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тууралу) буйругу (23.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215343

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 23-августу № 380-б Кыргыз Республикасында "Көчмөндөрдүн II бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалын өткөрүүгө байланыштуу иш-чараларды даярдоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 188-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалынын катчылыгы тарабынан берилген тизмекке ылайык товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн толук шарттуу бошотуу менен "убактылуу ташып кирүү (уруксат берүү)" бажы жол-жобосунда "Көчмөндөрдүн II бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалына катышуу үчүн ташылып келген товарларды жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзсүн.

2. "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалынын катчылыгы "Көчмөндөрдүн II бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалынын алкагында ташылып келген товарлардын тийиштүү тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына белгиленген тартипте жиберсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
