# КР Премьер-министринин 2016-жылдын 27-июнундагы № 342 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 19-июнундагы № 248 буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 27-июнундагы № 342 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 19-июнундагы № 248 буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 342
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2016
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15176/edition/1280855/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 27-июнундагы № 342 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 19-июнундагы № 248 буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215275

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 27-июну № 342 Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 19-июнундагы № 248 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Тиркеме

"Тиркеме Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын КУРАМЫ Кызмат орду боюнча: Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); жекече:

Ахметова Нурсулу Меирбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук негиздеги кеңешчиси;

Пономарев Сергей Васильевич

\-

Кыргыз Республикасынын Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалары ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Сатыбекова Айжан Эркиновна

\-

"Регионалистика жана өнүктүрүү борбору" мекемесинин директору (макулдашуу боюнча);

Третьяков Александр Викторович

\-

"Гуманитардык долбоорлоо институту" коомдук бирикмесинин аналитиги (макулдашуу боюнча).".
