# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-июнундагы № 295-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна толуктоо киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-июнундагы № 295-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна толуктоо киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 295-р
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15171/edition/742033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-июнундагы № 295-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна толуктоо киргизүү тууралуу) буйругу (13.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215270

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 24-июну № 295-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

- "Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген I бөлүмдө:

"Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдары" деген 9-глава төмөнкүдөй мазмундагы 50-пункт менен толукталсын: "50. Чүй облустук кургак учукка каршы борбор"; "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жергиликтүү өндүрүүчүлөр" деген 10-глава төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын: "14. "АЮ Фарм" жоопкерчилиги чектелген коому";

- "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 73, 74 жана 75-пункттар менен толукталсын:

"73. "Преобразователь" жоопкерчилиги чектелген коому

74. "ИНТЭК" жоопкерчилиги чектелген коому

75. "Авто Евро-Азия Компания" жоопкерчилиги чектелген коому".

Премьер-министр

С.Жээнбеков
