# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 260-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 260-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 260-р
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15169/edition/741572/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 260-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу буйругу (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215268

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 14-июну № 260-б Аткаруу бийлигинин системасындагы түзүмдүк жана функционалдык өзгөртүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1-пунктунда:

- онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары;";

- төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары.";

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасында Мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улуттук координациялык борбор Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп эсептелери белгиленсин.";

- 7-пунктундагы "коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча" деген сөздөр "коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улуттук координациялык борбору жөнүндө жободо:

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"МЧКБ УКБнын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет. МЧКБ УКБнын персоналдык курамы Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.".

Премьер-министр

С.Жээнбеков
