# КР Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 339 (Мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 339 (Мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 339
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15167/edition/764594/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 339 (Мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү тууралуу) буйругу (12.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215266

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУГУ 2016-жылдын 23-июну № 339 (КР Премьер-министринин 2016-жылдын 12-декабры № 662 буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 токтому менен түзүлгөн Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун 7-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Тиркеме Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ Чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары башкармалыгынын начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы;»; Комиссия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген); (КР Премьр-министринин 2016-жылдын 12-декабры № 662 буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген); Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген); Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген); Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген); Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командиринин орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген); Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген); Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары (эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген); Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коргоону, укук тартиби бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин аскер экономикасы, экспорттук контроль жана лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги.
